Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчилиги Бишкектеги майып аялдардын көз карандысыз ассоциациясына азык-түлүк түрүндө жардам берди

Бүгүн, 3-декабрь  эл аралык майыптар күнүнө карата Сауд Араб Падышачылыгынын Кыргызстандагы элчилиги Бишкек шаарындагы майып аялдардын көз карандысыз ассоциациясына азык-түлүк түрүндө жардам берип, алар үчүн атайын майрамдык ысык тамак беришти.

Кайрымдуулук саамалыгына Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Сауд Араб Падышачылыгынын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жуман катышып, аялдардын көз карандысыз ассоциациясында каттоодо турган 1500 мүмкүнчүлүгү чектелген аялдардын ал абалдарынан кабар алышты.

Бүгүн, 3-декабрь  эл аралык майыптар күнүнө карата биз сиздердин маанайыңыздарды көтөрөлү деген максатта келип калдык,-деди САПтын Кыргызстандагы элчиси.