Бактияр ажы Токтогазы уулу: Жергиликтүү эл жаштар арасындагы терс көрүнүштөрдүн алдын алуу керектигин айтышты

Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Бактияр ажы Токтогазы уулу Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун жергиликтүү тургандары менен жолугушту. Эл менен болгон жолугушуу алкагында Аалымдар Кеңешинин мүчөсү өлкөдөгү диний абал жана жаштар арасындагы  терс көрүнүштөрдү болтурбоо, өз өмүрүнө кол салууну токтотуу жана бул жаатта ата-энелер менен иш алып баруу боюнча өз оюн ортого салды. Ал эми айыл тургундары чындыгында бул көйгөйдү түшүндүрүү жолу менен жаштардын ан сезимине жеткирүү керектигин баса белгилешти.

Айыл тургундары  менен жолугушуу абдан жакшы маанайда өттү. Себеби алар өздөрүнүн ар кыл темадагы суроолорун беришти. Айрымдарын жазып алып, Аалымдар Кеңешинин жалпы жыйынында карамакчыбыз. Көбүн эсен жаштар арасында терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүү керек экендигин айтышты,-деди Бактияр ажы Токтогазы уулу.

Муну менен катар Ж.Бөкөнбаев жана Кызыл-Суу айылдарынын борбордук мечиттеринде эл менен жолугушуу уюштурулуп, ага айыл өкмөт кызматкерлери, айыл аксакалдары катышышты.