Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Жалал-Абад казыятынын имараты менен таанышып, казыят кызматкерлери менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Кадырбердиев Абибилла Набидинович жана АК мүчөсү Турсунбеков Абдималик Ибраимович Жалал-Абад облусуна расмий иш сапары менен барышып, облустук казыяттын жаңы курулуп жаткан  имаратынын курулушу менен таанышып чыгышты. Андан соң Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү казыятта жүргүзүлүп жаткан адистердин жалпы ишмердүүлүгү, иш чаралары жана  иш ырааттамасы тууралуу ой бөлүшүштү. Андан соң Аалымдар Кеңешинин өкүлдөрү казыяттын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, Ханафий мазхабын, Маатрудия акыйдасын жайылтуу жана ошондой эле казыят түзүмүндөгү адистердин канчалык деңгээлде орду бар экендиги тууралуу маселелерге токтолушту. Муну менен катар казыяттын кыскача отчетун угушуп, аймактагы диний кырдаал боюнча таанышып чыгышты.