30-ноябрь жана 1-декабрь күндөрү Нарын казыяты ыйман кечесин өткөрдү

30-ноябрь жана 1-декабрь күндөрү Нарын шаарындагы музыкалык драма театрында пайгамбарыбыздын (с.а.в) туулган айына карата ыйман кечеси  саамалыгы уюштурулду. Куран окуу жана салават айтуу менен башталган иш чара алкагында  облустук администрациянын өкүлдөрү куттуктоо сөзүн сүйлөшүп, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдиришти.

Андан соң сахналаштырылган чыгармалар коюлуп, диний ырлар окулду. Салтанаттуу сааламлыкка Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Марс ажы Ибраев катышып, пайгамбарыбыздын (с.а.в) өрнөктүү жолунан баяндама жасады .

Ал эми Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев, Адеп Башаты коомдук фондунун Нарын облусундагы  жетекчиси Максат ажы Таласбаев  катышуучуларга Ислам дини, Пайгамбарыбыз (с.а.в)  тууралуу баяндарын айтышып, элди ынтымакка  чакырышты.

Ыйман кечесине төкмө акындар катышып, көрүүчүлөргө атайын сахналаштырылган турмуштук чыгармалар коюлду.