Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары менен жолугушту

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Такабаев  Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев  жана АК мүчөсү Турсунбеков Абдималик Ибраимович, ошондой эле Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закиров менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуунун алкагында Абибилла ажы Кадырбердиев   аймактарды өнүктүрүү жылына карата Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин жалпы курамы 2018-жылдын 30-ноябрынан 7-декабрына чейин өлкөбүздүн ар бир район, шаар жана айылдарына чейин барышып, карапайым калк менен жолугушуу ырааттамасы бекитилгендигин билдирип, жаштарды ыймандуулукка тарбиялоо, экстремизм, терроризмдин алдын алуу, Ханафий мазхабын, Маатрудия акыйдасын туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтып өттү.

Ал эми Мамасалы Такабаев  облус аймагындагы диний кырдаалга кыскача токтолуп, дин аалымдарынын мындай демилгеси колдоого алаарлык экендигин баса белгилеп, бүгүнкү күндө казыяттын алып барып жаткан иши “жакшы” деген баасын берди.