Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Баткен шаарындагы медресе студенттери менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Абдиманап ажы Масалиев, Тажибай ажы Байтеитов Баткен облусундагы  иш сапарынын алкагында Баткен шаарындагы Муаз ибн Жабал медресесинин ишмердүүлүгү менен таанышып, окуучулардан кабар алышты.

Студенттер менен жолугушууда  Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү өздөрүнүн  билим алуу учурундагы абалга токтолушуп, ал учудагы жана азыркы мезгилде билим алууга түзүлгөн мүнкүнчүлүктөр туурасында  айтып, өлкө келечеги болгон жаштарга илим алуу эки дүйнөдө жарык берүүчү чырак экендигин белгилеп өтүштү.

Ошондой эле Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү медресе көйгөйлөрүн угушуп,  аны чечүү үчүн жалпы жыйында карап берүү убадаларын айтышты.