Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү менен Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын имамдары ортосунда эркин форматта жыйын өттү

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Соолихийн жума мечитинде Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев жана Абдималик ажы Турсунбеков Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын имамдары менен эркин форматта жыйын өткөрдү. Жыйынды облус казысы Абдулазиз кары Закиров эркин форматта өткөрүлгөн жыйынды алып барып, Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүнүн келген максаттарын айтып, суроолор жана сунуштар кабыл алынаарын билдирди. Жыйындын жүрүшүндө келген коноктор маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча кеңири  түшүндүрмөлөрдү берип, азан убакыттарына көңүл буруу керектиги баса белгилешти. Мындан тышкары кошуна мамлекеттер менен бирге бир мезгилде орозо кармоо, айт майрамын майрамдоо тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндүгүн маалымдап, Ханафий мазхабы, Матурудия акыйдасынын негизинде гана иш чараларды уюштуруу керектигине токтолушту.

Аэ эми жыйындын акырында эркин форматта болгондуктан катышкан имамдар имамга жана азанга тиешелүү болгон ар кандай суроолорду беришип, тиешелүү жоопторду алышты.