Абдурахман ажы Анаркулов: Жарандарыбызды ар кандай терс көрүнүштөрдөн сактап калуу өзүбүздүн колубузда

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун  Кок-Жар айылындагы Апас Жумагулов атындагы орто мектебинде «Биз-экстремизм, терроризмге каршыбыз»деген аталышта атайын иш чара өтүп, ага акимчилик жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, укук коргоочулар, райондун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов, Көк-Жар айылынын имамы, мектеп  мугалимдери, окуучулар катышышты.

Жыйын алкагында окуучуларга экстремизм, терроризм боюнча маалыматтар берилип, андан коргонуунун жолу, туура маалымат алуу жаатында баяндамалар жасалды.

Жаштар биздин келечегибиз болгондуктан аларды кооптуу агымдардан сактап калуу жана туура багыт берүү биздин милдетибиз болушу керек. Ошондой эле биз жаштарга салттуу Ислам дини боюнча түшүнүк берүү менен аларды билим алууга чакырышыбыз маанилүү.  Жарандарыбызды ар кандай терс көрүнүштөрдөн сактап калуу өзүбүздүн колубузда,- деди Абдурахман ажы Анаркулов.