2013-жылы Талас шаарынан жана Бакай-Ата районунан ажылыкка барган топ мүмкүнчүлүгү чектелген 16 үй-бүлөгө азык-түлүк таратышты

2013-жылы Талас облусунун мусулмандар казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков ажы башчылык кылган топ Талас шаарындагы муктаж жана мүмкүнчүлүгү чектелген 6 үй-бүлөгө баасы 1500 сомдук азык-түлүк таратышты.

Ар бир муктаж жана мүмкүнчүлүгү чектелген  үй-бүлөгө 25 кг ун, 5 литр май, кесме сыяктуу күнүмдүк жашоого керектелүүчү азыктар жана алма таратылган.

Ушундай эле иш чара Бакай-Ата районунун  Кызыл-Октябрь айылынын имамы Марат ажы Жусупбековдун демилгеси менен уюштурулуп, анын алкагында 10 мүмкүнчүлүгү чектелген  үй-бүлөгө 1000 сомдук азык-түлүк жана эт таратылган.

Кайрымдуулук  иш чаранын жүрүшүндө айрым бир жергиликтүү жана коңшу айылдын тургундары да сооптуу ишти  жактырышып, ошол замат өз салымдарын кошуп,  акчалай жардам беришти. Ал эми кээ бирлери кой союшуп, этин тараткандар дагы болду,-деди Кызыл-Октябрь айылынын имамы.