Азирети Муфтий Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиевдин жубайы дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу облус казысына көңүл айтты

Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиевдин өмүрлүк жубайы дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен облус казысы Таалайбек ажыга, үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына көңүл айтам.

Жараткан Алла Таала ар бириңиздерге бекем сабырдуулукту жана кайраттуулукту берсин. Алла Таалам маркум эжебизди Өз ырайымына алып, күнөөлөрүн кечирип, жайын бейиштен берсин. Жараткан жалпыңыздарга сабыр берсин.

Терең кайгыруу менен көңүл айтып,

Кыргызстан Мусулмандарынын 

Азирети Муфтийи  Максатбек ажы Токтомушев