Ооруудан айыгуунун жаңы ыкмасы

Маалымат технологиясы өнүккөн азыркы доордо адамдардын көпчүлүгү дарыланууда илимдин эң, акыркы жетишкендиктерин далил кылышып, «ооруган убакта врачка гана кайрылуу зарыл» деген ойду бекем кармап алышкан. Ал эми Пайгамбарыбыз Мухаммад САВ көрсөтүп кеткен дарылануу жолдоруна көп маани бере беришпейт. Бирок ушуга карабастан акыркы күндөрдө атеисттик кез караштагы батыш дарыгерлери нейролингвистикалык программалоо (НЛП) аркылуу оорулуу адамды «СӨЗ» менен дарылоо методун ачыкка чыгара башташты.

Бул дарылоонун негизги методу төмөнкүдөй: оорулуу адам адегенде        (эскертме: дарыгердин        кеңешине  баш ийүү менен бирге) өзүн колго алып, жүрөгүн тынч абалга алып келип, күн сайын «мен бул оорууну сөзсүз жеңем, ага менин кудуретим жетет, менин абалым күндөн күнгө  жакшы» деген позитивдүү сөздөрдү кайра-кайра кайталашы керек. Батыш дарыгерлери оорулуу адамдын уктаардан мурда жана ойгонгондо айткан бул сөздөрү анын ооруусунун айыгып кетүүсүнө салым кошконун жана денесинин иммунитети күчтүү боло баштаганын байкашкан. Бул учурда бизде «бул кантип ишке ашып жатат?» деген суроо туулат?!..

Чындыгында, жогоруда айтылган сөздөрдөгү позитивдүү информациялар адамдын мээсинин клеткаларына өзүнүн оң, таасирин тийгизери аныкталган. Ошол эле убакта мээнин клеткалары да өзүнө келген информацияга таянып иш жүргүзөөрү ачыкка чыккан. Эгерде ар бир клетка өзүнө келген информациянын негизинде иш алып барса, демек, адамдын бүткүл денеси өтө кылдат «информа­циялар торчосунан» турары маалым болот. Ал эми адамдын бүт денеси орточо 37,2 триллион клеткадан турат.

Ошентип денебиздеги триллиондогон клеткалардын ар бири бизге келген позитивдүү же негативдүү информациялардан таасирленет. Мындан бир эле клетканын бузулушу информациялар

үзгүлтүккө учуратып, адамдын денесинде ар кандай оорууларды пайда кыларын билебиз. Ошондуктан

ден-соолугуна кеңүл бурууну каалаган ар бир адам күндө жууп тазалаган денесине гана эмес, балким көзгө көрүнбөгөн ар бир клеткасына чейин кылдат мамиледе болушу керек. Клеткаларыбызды сактоонун жолу негативдүү информациялардан сактануу менен гана ишке ашат. Демек, мындан кийин ар бирибиз жаман сөз, жадагалса, жаман ойлордон алыс болгонго аракет кылышыбыз керек! Анткени триллиондогон клеткаардын ар бири сага баш ийип, сенин кызматыңда, сенин буйругуңду күтүп турушат. Сен уккан информация алардын ар бирине чейин жетет. Жакшы кабар уксаң, алар да кубанат. Денең күчкө толот. Иммунитетин көтөрүлөт. Жаман кабар уксаң, алсызданып кайгырат. Денең күчүн жоготот. Иммунитетиң түшүп кетет. Ошондуктан аларга көңүл бур, алар сен үчүн жашап жатат, сен да алар үчүн жашагын. Аларды канчалык абайласаң, алар да сени ошончолук абайлашат. Ошондуктан көңүлүңдү ач, жүрөгүңдү тынчтант, жакшы адамдар менен сүйлөш, сырдаш, жаңы кийим кий, көбүрөөк кайрымдуулук иштерди жаса, бас, салкын парктарда сейилде, бийик бийик тоолорго чык, таза аба жутуп терең-терең дем ал, шаркырап аккан сууларга карап жакшы ойлорду ойло, жыпар жыттуу гүлдөрдү жыттап рахат ал, кооз табиятка көз жүгүртүп, Жараткан Алланын кудуретин таанып бил, бийик үн менен «МЕНИН ДЕН-СООЛУГУМ ЖАКШЫ» деп кыйкыр, кыйкырганыңды тегеректин баары уксун. Эми чын жүрөктөн «баары жакшы болот, мен буга ишенем» деп өзүңдү ишендир! Ошону менен бирге ата-энеңди ыраазы кыл, аларды кубант, аларга кызмат кыл, аларды капа кылган болсоң, кечирим сура, бир туугандык мамилеңди бекемде, анткени сага алардан артык эч ким чын жүрөгүнөн күйбөйт. Чындыгында, позитивдүү жашоо ооруган адамдын ооруусуна дары болуп, ага кайра ден-соолук алып келет.

 

Колдонулган адабияттар:

Ыйык Курандагы психология илими боюнча мужизалар, Абду Ад-Дааим Ап-Кахиил

Сколько клеток в организме человека? https://fshoke.com

 

Автор: Ашур Али уулу Мавлян