Лейлек районунун Самат айылынын имамы Сүлүктүдөгү гуманитардык-экономикалык институтунун студенттери менен жолугушту

Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктү шаарындагы гуманитардык-экономикалык институтунда  Лейлек районунун Самат айылынын имамы Каюмов Алланазар  мугалимдерге жана студенттерге  экстремизм жана терроризмдин  алдын алуу, Исламдагы жоопкерчилик  боюнча лекция  өттү. Иш чара суроо-жооп форматында уланып,   айыл имамы ар бир суроого жооп берди.