Убайдулла ажы Сарыбаев: Жаштарды билимдүү болууга чакырып, китеп окууга кызыктырышыбыз керек

Кечээ, 11-декабрь күнү Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Ош мамлекеттик юридикалык институтунун студенттери менен жолугушуп, ата-энени сыйлоо, адеп-ахлакты жакшыртуу, улууларды урматтоо боюнча лекция өттү.
Студенттер менен жолугушуу алкагында шаар казысы ыйман менен адептин орду боюнча кенен маалымат берип, алардын кызыккан суроолоруна жооп берди.

Жаштарды билимдүү болууга чакырып, китеп окууга кызыктырышыбыз керек. Муну менен катар биз ата-энелерге балдардын тарбиясы боюнча түшүндүрүшүбүз керек,-деди шаар казысы.