Окуучулар арасындагы терс көрүнүштөрдү болтурбоо максатында Кадамжайдын Бүргөндү айылындагы мектепте түшүндүрүү иши жүргүзүлдү

Кадамжай  районундагы Бүргөндү айылынын Орун Абдурахманов атындагы  мектебинде мектеп окуучулары арасындагы терс көрүнүштөрдү болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш чарага Бүргөндү айылындагы “Аррахман” мечитинин имамы Маккамбай Шерматов катышып, ата-энелерге балдарды тарбиялоодо көңүл бурууга чакырды. Ошондой эле ал  коомдогу көйгөйлөрдү биргеликте чечүүдө тыгыз  кызматташуу керектигин билдирди.