Баткен облусунун казысы ДИМКтин Баткен облусундагы жаңы дайындалган өкүлү менен жолугушуп, диний абалды талкуулашты

Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков Баткен облустук мусулмандар казыятына иш сапары менен келип, Баткен облусунун казысы менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында тараптар диний кырдаал, аткарылып жаткан иштер боюнча маектешип, анын натыйжалары боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун алкагында Баткен облусунун казысы казыяттын аткарып жаткан иш аракеттери тууралуу маалымат берип, мечиттерди каттоодон өткөрүү боюнча биргеликте тыгыз иш алып баруу керектигин билдирди. Ал эми Исакбай Мурзабеков мыйзамдарды так сактоо, 2014-2020 жылдарга КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын аткарууда коомчулукту руханий жактан тарбиялоо зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал ДИМКтин Баткен облусундагы өкүлү болуп жаңыдан дайындалган  Касымов Кубаныч Кудайкуловичти тааныштырып, тыгыш кызматташууга чакырды.