Алланын кудурети! Жөргөмүштүн желеси карандаштын жоондугундай көлөмдө болгондо, анын күчү жана бекемдиги жаңы конгон «Боинг» учагын токтотууга жетмек

Жараткан жөргөмүштүн желесине да керемет сырларды каткан. Негизинен жөргөмүштүн желесинин диаметри миллиметрдин 1/1000 бөлүгүн түзөт. Бирок, ошондой эле жоондуктагы болоттон беш эсе бекем. Негизи, болот адамзат тарыхында эң бекем жана ишенимдүү металл катары кылымдардан бери колдонулуп келет. Ал эми жөргөмүш өз организминде болоттон да бекем материалды иштеп чыгат. Жөргөмүштүн желесинин дагы бир сыры – анын укмуштуудай жеңилдигинде. Мисалы, окумуштуулардын изилдөөөсүнө таянсак, жер шарын бир айлантып чыгуу үчүн болгону 320 грамм салмактагы желе коромок экен. Ошондой эле, окумуштуулардын эсептөөлөрүнө караганда, карандаштын жоондугундай көлөмдөгү желе болгондо, анын күчү жана бекемдиги жаңы конгон «Боинг» учагын токтотууга жетмек. Башкача айтканда, жогорку деңгээлдеги илим-билимге ээ болуп, акыркы үлгүдөгү технологияны колдонгон адам баласы кичинекей жөргөмүштүн желесиндей бекем материалды алиге чейин ойлоп чыга элек.

Кызыктуу маалымат:

Жөргөмүштөрдүн айрым түрлөрү салыштырмалуу узак жашашат. Бирок, андан да кызыгы – өтө узак убакытка чейин тамактанбай жүрө алышат. Мисалы, бөрү жөргөмүшү, орто эсеп менен, 305 күн өмүр сүрсө, анын 208 күнүн эч нерсе жебей өткөрө алат. Бул учурда алардын кан алмашуусу дээрлик 40 эсе жай жүрүп калат.

Булак: insan.kg