Ош шаарынын түштүк гарнизонундагы жоокерлерге «Мекенди сүйүү ыймандан» аталышындагы лекция окулду

Бүгүн, 13-декабрда Ош шаарынын түштүк гарнизонундагы офицерлерге «Мекенди сүйүү ыймандан» аталышындагы лекция окулду.

Мекенге кызмат өтөп жаткан жоокерлер менен жолугушууга Ош шарынын Ак-Буура Чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Мырза ажы Осмонов, түштүк гарнизондун командири Бакыт Матраимов, офицерлер жана кызматкерлер катышып, ата-энеге болгон мамиле, адеп-ахлак, улууларды урматтоо, биримдик туурасындагы баяндамалар айтылды.

Мекенди коргоо соопту иштерден. Андыктан ар бириңиздерди мекенге ак кызмат өтөп, мекенди сүйүүгө чакырам,-деди Мырза ажы Осмонов.

Эскерте кетсек, Ош шаарынын түштүк гарнизонундагы офицерлерге уюштурулган  иш-чара түштүк гарнизондун демилгеси менен өткөрүлдү.