Жакшы сөз акылга азык, жүрөккө дары, денеге кубат болот

Көптөгөн адамдар жакшы-жаман сөздүн башкаларга кандай таасир берерине маани бере беришпейт. Чындыгында, жакшы сөз менен бирөөнү бактылуу, а жаман сөз менен бактысыз кылууга болот. Же бир эле жакшы сөз менен бирөөнү дарылап, же жаман сөз менен

бирөөнү өлтүрүп коюу да мүмкүн. Ал эми жаман сөз кол менен, же таяк менен ургандан да катуу азап берет. Ошондуктан эл оозундагы «Жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет» деген сөз бекеринен айтылган эмес. Алла Таала жакшы сөз менен жаман сөздү Ыйык Курандагы «Ибрахим» сурөсүнүн 24-26 аяттарында төмөнкүчө салыштырып баяндаган:

«Алла жакшы сөздү жакшы дарак сыяктуу деп кантип мисал келтиргенин көрбөдүңбү? Анын тамыры бекем, бутактары асманда» (24), «Ар дайым Алланын уруксаты менен мөмө- жемишин берип турат. Алла адамдарга мисалдарды келтирет, мүмкүн алар (Аны) эстеп зикир кылышаар» (25), «(Ал эми) жаман сөз жаман дарак сыяктуу экенине мисал болот. Тамыры жерден жулунган, туруктуу орду жок» (26). Ибрахим сүрөсү, 24-26

Пайгамбарыбыз Мухаммад САВ да мусулман адам ойлонбой сүйлөп, өзүн өзү тозок отуна татыктуу кылып коюусунан эскерткен. Бул дегени ыймандуу адам ар бир сүйлөгөн сөзүнүн маанисине терең, көңүл буруп сүйлөшү керектигин билдирет. Анткени сөздүн адамга берген таасирине маани берүү ар бирибиздин милдетибиз. Сөз тизгинин туура кармаган адам гана ийгиликке жетет. Ошондуктан сүйлөгөн сөзүңдө даанышман болгун! Ар бир сөздүн өз орду, өз убагы бар.

Азыркы кванттык физика илими далилдегендей, сөз өзү менен бирге информацияны гана эмес, энергияны да алып жүрөт. Жаман сөз жаман таасир берип, адамдын жүрөгүн жаралап, көңүлдөн кеткис «так» калтырат. Эл оозундагы «Өлүм менен кеңүлдүн айласы жок» деген сөз да таамай айтылган сөз. Көңүлдү калтырган жаман сөз тактайга каккан мык сыяктуу. Мыкты сууруп алганда, тактайда кандай из калса, көңүлдө  да ошондой из калат. Дарыгер да жакшы сөз айтса дары, жаман сөз айтса уу болот.

Ошондуктан, урматтуу ага-инилер, эже-карындаштар! Оозубуздан чыккан ар бир сөз жан эргиткен жакшы, жагымдуу сөз болсун! Ата-энелерибизге, үй-бүлөбүзгө, бир-туугандарыбызга, досторубузга, кыскасы, бардык адамдарга бир гана жакшы сөз менен мамиле кылууга аракет кылалы! Байлык-бийликтин ээси болгуча, жакшы сөздүн ээси бол! Анткени жакшы сөз акылга азык, жүрөккө дары, денеге кубат болот. Жакшы сөз сүйлөө садака болот. Ал эми садака жакшы сезим менен оорууга шыпаа алып келет.

 

Даярдаган; Ашур Али уулу Мавлян