Урматтуу мусулман туугандар! Бүгүн сиздер менен жер жүзүндөгү шаарлардын эң улуусу болгон Макка Мукаррама шаарынын пазилеттери менен азын-оолак тааныштырып өтөбүз.
Жыл сайын миллиондогон адамдар Алла Тааланын үйүн зиярат кылыш үчүн барат. Баргандан кийин көптөгөн адамдар Алла Тааланын үйүн көрүп, вахий (Куран) түшкөн жерлерди көрөт. Көптөгөн Пайгамбарлар басып жүргөн жерлерди көрүп, жер жүзүндөгү эң улуу болгон жерди көрсө да эч бир таасирленбейт. Турист сыяктуу эле жүрө берет. Тигини карайт, муну сүрөткө тартат, андай мындай кылып, ар нерсе менен алек болуп жүрө беришет. Бунун себеби эмнеде? Эмне үчүн таасирленбейт? Анткени алар Меккенин улуулугунан бейкапар. Анын канчалык улуу экендигин билбегендиктен болуп жатат. Ошол себептен «Кереметтүү Меккенин пазилети»-деген темага токтолуп кетебиз.
Алла Таала кээ бир адамдарды кээ биринен артыкча кылды. Ошондой эле кээ бир жерлерди кээ биринен артыкча кылды. Мекке шаарын башка жерлерден айырмалап эң шарапаттуу жана улуу кылды. Шаарлардын эң жакшысы жана урматтуусу кылды. Ал жака жүрөктөр тартылат. Ал жакта жандар ырахаттанып эс алат. Ал жерге сыйынуучулар бет алып, өздөрүнүн абалдарын арызданышып, кутулууну суранышат. Ал жер ибадаттын жана тообонун мекени болуп калган. Ал жерден ыйманы күчтүү, Алла Таалага бекем ишенген адам гана ырахатты, аманчылыкты, ибадаттын шириндигин табат. Ал эми кимдин ыйманы күчсүз болсо, азгырык, каалоолорго берилип, дүнүйө менен алек болгон инсан андан ырахат таппайт.
Макка Мукарраманын башка шаарлардан өзгөчөлүгү:
1) Вахий түшкөн жер. Курандын түшүрүлгөн борбору. Исламдын башталган жери, ал жакта Ислам дининен башка дин жок.
2) Ал жерге каапыр адам кирүүгө жана ал жерге көмүлүүгө тыйуу салынат.
3) Ал жерде зарылчылыктан башка учурда курал-жарак көтөрүп жүрүү тыйуу салынат.(милиция, аскерлерге уруксат)
4) Ал жерде мергенчилик кылып, аң уулоо арам болот.
5) Ал жерде жакшылык сооп иштер, өзгөчө Харам мечитинде окулган намаздар көбөйтүлөт.
6) Дажжал чыккан кезде Мекке, Мадина жана Байтуль Макдистен башка шаарлардын баарысын басып өтүп, ушул үч шаарга кире албайт.
7) Мекке ээлери Каабага төрт тарабынан тең жүздөнө алышат. Мындай шарапат башка шаарларга, башка жерлерге берилген эмес. Алар бир гана Кыбылага беттенишет.
8) Меккеде болгон тарыхый издердин бири, Суукуль-Лайл деген жерде Пайгамбарыбыздын төрөлгөн жери бар. Ал жер азыркы учурда Макка Мукаррама деген китепканага, музейге айланган жана ал жерде Хадижа энебиздин үйү бар. Ал үйдө Пайгамбарыбызга турмушка чыгып, таза перзенттеринин баарысы ошол жерде төрөлгөн. Ал жер Харам мечитинен кийинки улуу жерге айланган, себеби ал жерде Пайгамбар САВ жашаган жана вахинин (Курандын) эң көп түшкөн жери болгон.
9) Ал жерге адамдар сыйыныш үчүн Алла Тааланын эң биринчи үйү(Байтулло) курулган.
10) Мусулмандардын бир тарапка жүз буруп, жүрөктөрүн жана баштарын бириктирүү максатында Кыбыла кылынып Кааба курулган.
11) Ал Каабанын бир бурчуна Кара таш орнотулган. Жер бетиндеги болгон таштардын Кара таштан башка эч бирөөсүн Аллага сыйынуу иретинде өпкөнгө шарият уруксат бербейт.
12) Ал жерде жер бетиндеги керемет касиетке ээ болгон, эң таза, эң даамдуу замзам суусу бар.
Курани Каримде келген Меккенин пазилеттеринен:
1) Ал жерге адамдар сыйыныш үчүн эң биринчи Үй курулган:
Алла Таала айтты:
((إِنَّ أَوَّلَ بَيْتٍ وُضِعَ لِلنَّاسِ لَلَّذِي بِبَكَّةَ مُبَارَكاً وَهُدًى لِّلْعَالَمِينَ)) [سورة آل عمران: 96]
«Чындыгында, адамзат үчүн Меккеде алгач куулган Үй-бүткүл аалам үчүн ыйык жана Туура жол!». Аль-Имран (3:96)
2) Ал аманчылык болгон шаарга жакшылыктар жана ырыскылар чар тараптан агып келип турат. Дүйнөнүн баардык жериндеги мөмө-жемиштерди, жашылча, тамак-аштын түр-түрүн Меккеден табасың. Себеби бул Пайгамбарлардын атасы болгон Ибрахим алейхис саламдын дубасынын кабыл болгондугунун белгиси. Алла Таала Өзүнүн Улуу Китебинде кабар берип айтып жатат:
(( وَإِذْ قَالَ إِبْرَاهِيمُ رَبِّ اجْعَلْ هَـَذَا بَلَداً آمِناً وَارْزُقْ أَهْلَهُ مِنَ الثَّمَرَاتِ مَنْ آمَنَ مِنْهُم بِاللّهِ وَالْيَوْمِ الآخِرِ)) [ البقرة: 126]
« Ибрахим айтты: “ Роббим! Бул жерди тынч шаар кылып, тургундарынан Аллахка жана Акырет күнүнө ишенгендерди түркүн мөмө-жемиштер менен ырыскыландыра көр!”». Бакара (2:126)
3) Чындыгында Алла Таала кудурети жеткен адамдарга кайсыл жерден болбосун Меккеге барууну буйруган. Ал жерге кичи пейилдик, коркуу сезими, өзүн кор кылып кирүү милдеттүү. Дүйнө элдеринин кийиминен ажырап, баштарын жылаңбаш кылып ачкан абалда ихром кийимин кийинип кирет. Алла Таала айтты:
(( وَلِلّهِ عَلَى النَّاسِ حِجُّ الْبَيْتِ مَنِ اسْتَطَاعَ إِلَيْهِ سَبِيلاً )) [آل عمران: 97]
« Кудурети жеткендер Үйгө ажылык кылууга Аллах алдында милдетүү». Аль-Имран (2:97)
4) Мекке Алла Тааланын харам кылган шаары. Алла Таала айтты:
(( إِنَّمَا أُمِرْتُ أَنْ أَعْبُدَ رَبَّ هَذِهِ الْبَلْدَةِ الَّذِي حَرَّمَهَا وَلَهُ كُلُّ شَيْءٍ وَأُمِرْتُ أَنْ أَكُونَ مِنَ الْمُسْلِمِينَ )) [النمل: 91]
«Мага бул шаардын Роббусуна сыйынууга буйрук кылынган. Ал аны (күнөө иштерге) арам кылган. Ага баары таандык жана моюн сунуучулардан болуу мага буйрук кылынды». Намль (27:91)
Харам деп аталыштан максат- ал жерде кан төгүү арам. Мергенчилик кылуу арам. Тал дарак, өсүмдүктөрдү кыйуу арам болот.
5) Каабанын ибадат үчүн тандалып алынгандыгы.
Адам ата менен Хава энебиз жерге түшүрүлгөндөн баштап Кыяматка чейин Шарапаттуу Кааба сыйынуучулардын Кыбыласы болуп калды. Бул жөнүндө Алла Таала Пайгамбарлардын мөөрү акыркысы болгон Пайгамбарыбыз Мухаммадка САВ кайрылып айтты:
(( قَدْ نَرَى تَقَلُّبَ وَجْهِكَ فِي السَّمَاء فَلَنُوَلِّيَنَّكَ قِبْلَةً تَرْضَاهَا فَوَلِّ وَجْهَكَ شَطْرَ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ وَحَيْثُ مَا كُنتُمْ فَوَلُّواْ وُجُوِهَكُمْ شَطْرَهُ وَإِنَّ الَّذِينَ أُوْتُواْ الْكِتَابَ لَيَعْلَمُونَ أَنَّهُ الْحَقُّ مِن رَّبِّهِمْ وَمَا اللّهُ بِغَافِلٍ عَمَّا يَعْمَلُونَ )) [البقرة : 144]
« Биз кээде жүзүңдүн «асманда кезгенин» көрөбүз жана сени өзүң ыраазы болгон кыбылага бурабыз. Эми сен жүзүңдү Масжид ульХарамга бур! Силер да кайерде болбогула намазда жүзүңөрдү ал тарапка бургула! Ал эми, китеп элдери деле кыбыланын Кааба тарапка бурулганы Раббысынан келген чындык экенин айкын билишет. Аллах силер кылган иштерден кабарсыз эмес!». Бакара (2:144)
6) Макка Мукарраманын Курани Каримде кайталанып келүүсү.
Дүйнө жүзүндөгү шаарлардан жалгыз Мекке гана Алла Тааланын китебинде эскерилип келет. Анын Харам Шариф болгондугу 27 жерде келет. Курандын сүрөлөрүнүн бирөөсү Анын ысымы менен аталат. Ал «Балад» сүрөсү. Алла таала айтты:
(( لَا أُقْسِمُ بِهَذَا الْبَلَدِ )) [ الْبَلَدِ : 1]
« Ушул шаар менен ант ичем ». Балад (90: 1)
7) Мушрик каапырларга Меккеге кирүү харам болуп тыйылган. Алла Таала айтты:
(( يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ إِنَّمَا الْمُشْرِكُونَ نَجَسٌ فَلاَ يَقْرَبُواْ الْمَسْجِدَ الْحَرَامَ بَعْدَ عَامِهِمْ هَـذَا وَإِنْ خِفْتُمْ عَيْلَةً فَسَوْفَ يُغْنِيكُمُ اللّهُ مِن فَضْلِهِ إِن شَاء إِنَّ اللّهَ عَلِيمٌ حَكِيمٌ )) [سورة التوبة: 28]
«Эй, ыйман келтиргендер! Чындыгында мушриктер – ыплас (болушат). Ушул жылдан кийин алар Ыйык Мечитке жолошпосун! Эгер кедейликтен корксоңор, Алла кааласа силерди Өз артыкчылыгы менен байытат. Чындыгында, Алла – Билүүчү, Даанышман!». Тауба (9:28)
8) Мекке жердин борбору.
Окумуштуулар жердин борборун (точка золотого сечения 1,618) изилдегенде Мекке шаары тагыраак айтканда Кааба жердин так ортосунда жайгашканын далилдеп чыгышкан.(https://www.youtube.com/watch?v=zWa6X6Onkcw) Алла Таала айтты:
((وَهَـذَا كِتَابٌ أَنزَلْنَاهُ مُبَارَكٌ مُّصَدِّقُ الَّذِي بَيْنَ يَدَيْهِ وَلِتُنذِرَ أُمَّ الْقُرَى وَمَنْ حَوْلَهَا وَالَّذِينَ يُؤْمِنُونَ بِالآخِرَةِ يُؤْمِنُونَ بِهِ وَهُمْ عَلَى صَلاَتِهِمْ يُحَافِظُونَ )) [سورة الأنعام: 92]
« Биз түшүргөн Китеп – бул куттуу, өзүнүн алдыңкысын) Мурунку китептерди( тастыктоочу Китеп. Сен шаарлардын энесин (Ыйык Мекке тургундарын) жана анын айланасындагыларды эскертүүң үчүн (түшүрдүк). Акыретке ыйман келтиргендер ага (Куранга) ыйман келтиришет жана алар намаздарын сакташат (убагында окушат)». Анъам (6:92)
Ибн Атыййа айтат: Мекке « шаарлардын энеси»-деп төрт себептен аталат:
1. Ал диндин жана шарияттын булагы болгондугу үчүн.
2. Илимпоздордун айтуусу боюнча кургактыктын башталышы Меккеден башталган.
3. Мекке планетанын ортосунда жайгашып, анын баардык пунктарынын(территориялык белгилүү бир орун) борборун көрсөтөт.
4. Мекке жашоо аймактардын баарысынын Кыбыласы болот.
Меккенин пазилети жөнүндө келген хадистерден:
1) Ал жерде намаз окуунун пазилети. Пайгамбарыбыз алейхис салам айтты:
عن أبي هـريرة رضـي الله عنـه قال قال رسـول الله صلى الله عليه وسلم : صـلاة في مسجـدي هذا خير من ألـف صـلاة فيما سـواه إلاَّ المسجد الحرام. أخرجه البخاري في كتاب فضل الصلاة باب فضل الصلاة في مسجد مكة والمدينة رقم (1190) 1/367، ومسلم في كتاب الحج باب فضل الصلاة بمسجدي مكة والمدينة رقم (1394)
«Менин мечитимде окулган намаз башка мечитте окулган намазга караганда миң намаздан артык, бирок Харам мечитинде окулган намаз менин мечитимден жүз эсеге көп (артык)». (Бухари Муслим)
Башка хадисте Пайгамбарыбыз ага Алланын салават-саламдары болсун, айтты:
عن أبي الدرداء وجابر رضي الله عنهما عن النبي صلى الله عليه وسلم قال : » فضل الصلاة في المسجد الحرام على غيره مائة ألف صلاة ، وفي مسجدي هذا ألف صلاة وفي مسجد بيت المقدس خمسمائة صلاة » أخرجه البيهقي في السنن الصغرى رقم ( 1821 ) 2 / 31 ، وفى شعب الإيمان رقم ( 4140 ) 3 / 485 ، وابن عبد البر في التمهيد 6 / 30 ، وصححه الألباني في صحيح الجامع ( 4211 ) ، وفي إرواء الغليل رقم ( 1129 ) .
«Харам мечитинде окулган намаз башка мечиттерде окулган намаздан жүз миң эсеге артык. Ал эми менин мечитимде окулган намаз миң намазга артык. Байтуль Макдис(Акса)мечитинде окулган намаз беш жүз эсе». (Байхаки)
Эгерде Пайгамбарыбыздын мечитинде окулган бир намазды (мисалы: бешим же дигер же шам) миңге бөлө турган болсок 6 ай 20 күн намаз окугандай болосуң. Эгерде беш убакыт намазды Пайгамбарыбыздын мечитинде окуса 2 жыл 9 ай 10 күндүк намазга тете болот. Эгерде ушул намаздарды жамаат менен окуса бул сооптор 25-27 эсеге көбөйтүлөт.
Ал эми Меккеде окулган бир убакыт намазды жүз миңге бөлсөк 55 жыл 6 ай 20 күнгө тең болот. Эгерде беш убакыт намаз окуса 277 жыл 7 ай 10 күн намаз окугандын сообун алат. Эгерде бул намаздар жамаат менен окулса бул сооптор 27 эсе көбөйтүлөт.
الله أكبر… و ذلك فضل الله يُؤْتِيهِ لمن يشاء من عباده
Алла Улук… Бул артыкчылык, пазилетти Алла Таала Өзүнүн каалаган пенделерине берет. Алла Таала баарыбызды эки Харам мечитинде намаз окууну насип кылсын.
2) Ажатканада кажетти аткарып жаткан учурда Кыбылага жүздөнүү жана артын салып отуруу тыйуу салынат. Пайгамбар айтты:
عَنْ أَبِي أَيُّوبَ , قَالَ : قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ : » لا تَسْتَقْبِلُوا الْقِبْلَةَ وَلا تَسْتَدْبِرُوهَا بِغَائِطٍ وَلا بَوْلٍ وَلَكِنْ شَرِّقُوا أَوْ غَرِّبُوا» متفق عليه
«Оор жана жеңил(заара) кажет учурунда Кыбылага жүздөнбөгүлө жана артыңарды салбагыла. Бирок Чыгышты же Батышты карагыла». (Бухари жана Муслим)
(эскертме; «Чыгышты же Батышты карагыла»- дегени Мадина жана ошол тараптагыларга тиешелүү. Ал жерде чыгышты же батышты караган адам Каабага жүздөнүүдөн алыс болот)
3) Алланын элчисине эң сүйүктүү болгон жер. Пайгамбар алейхис салам айтты:
وقد ثبت عن النبي صلى الله عليه وسلم » والله انك لخير أرض وأحب أرض الله الى الله ولو لا اني اخرجت منك ما خرجت » (صحيح) سنن الترمذي — المناقب باب في فضل مكة (3925) سنن ابن ماجه — المناسك (3108) مسند أحمد — أول مسند الكوفيين (4/305) سنن الدارمي — السير (2510)
«Аллага касам ичип айтам; Чындыгында Сен(Макка) жерлердин эң жакшысы, жана Алланын жерлеринен Аллага эң сүйүктүүсүң. Мен Сенден куулуп чыгарылбаганымда эле Сенден чыкмак эмесмин». (Тирмизи)
4) Мекке ээлери Алланын жакын адамдары.
لما استعمل رسول الله صلى الله عليه وسلم عتاب بن اسيد على مكة قال:يا عتاب اتدري على من استعملتك ؟ على اهل الله تعالى فاستوص بهم خيرا يقولها ثلاثا
«Алланын элчиси (Мекке ачылышынан кийин) Итаб ибн Усайд р.а.ну Меккеге Амир кылып дайындап жатканда: Эй Итаб сени кимге дайындап жатканымды билесиңби? Сени Алланын жакын адамдарына дайындап жатам. Аларга жакшылык кылууну осуят кылам-деп үч жолу кайталады».
عن بن عباس رضي الله عنهما قال قال رسول الله صلى الله عليه وسلم — يوم فتح مكة: ( إن هذا البلد حرمه الله يوم خلق الله السموات والأرض . فهو حرام بحرمة الله إلى يوم القيامة. لا يعضد شوكه , ولا ينفر صيده , ولا يلتقط لقطته إلا من عرفها ) البخاري 1587 مسلم 1353
«Алланын Элчиси Меккенин ачылыш күнү:Чындыгында Алла Таала бул Шаарды Асмандар менен Жерди жараткан күнү Харам кылды. Ал Кыямат күнгө чейин Алланын Урматы менен харам болду. Анын тикендери кесилбейт, айбандары куугунтукталбайт жана жоголгон нерсеси(лукота) жерден алынбайт бирок кимдики экенин жарыя кылыш үчүн (алса болот)». (Бухари жана Муслим).
5) Ал жерге максат кылып барган адам күнөөсүнүн кечирилишине, катачылыктарынын өчүрүлүүсүнө себепчи болот. Алланын Элчиси айтты:
عن أبي هريرة قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: ( من أتى هذا البيت فلم يرفث ولم يفسق رجع كما ولدته أمه ) متفق عليه، واللفظ لمسلم .
«Кимде ким Бул Үйгө келип адепсиз сөз-аракеттерден сактанса жана жамандыкка жолобосо, энесинен төрөлгөн күндөгүдөй күнөөлөрдөн тазарып кайтат ». (муттафакун алайхи)
6) Ал жерде Кара таш бар. Жер бетиндеги болгон таштардын эч бирөөсүн Аллага сыйынуу максатында өпкөнгө шарият уруксат бербейт. Бир гана Кара ташты өбүү Сүннөт болот.
عن عمر رضي الله عنه أنه جاء إلى الحجر الأسود فقبله فقال: ((إني أعلم أنك حجر لا تضر ولا تنفع، ولولا أني رأيت النبي صلى الله عليه وسلم يقبلك ما قبلتك)). [رواه البخاري(1597) ومسلم(1270)]
Умар р.а. Кара Ташка келип аны өөп айтты: Албетте мен билем Сен пайда да зыян да бербеген ташсын, эгер Пайгамбар Сени өпкөнүн көрбөгөнүмдө Сени өпмөк эмесмин.
7) Ал Таш бейиштен түшүрүлгөн. Алланын Элчиси айтты:
(عن ابن عباس قال قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: نزل الحجر الأسود من الجنة وهو أشد بياضا من اللبن فسودته خطايا بني آدم) حديث حسن صحيح رواه الترمذي 877 صححه الألباني في صحيح الجامع 6756
«Кара таш бейиштен түшүрүлгөндө сүттөн да ак эле, аны адам балдарынын күнөөлөрү карайтып салды». (Тирмизи)
8) Ал жерде Замзам суусу бар. Алланын элчиси айтты:
قال عبد الله ابن المؤمن أنه سمع أباً الزبير يقول: سمعت جابر بن عبد الله يقول: سمعت رسول الله صلى الله عليه وسلم يقول: (ماء زمزم لما شرب له). أخرجه ابن ماجه في «المناسك»، باب الشرب من زمزم: (3062)، وصححه الألباني
«Замзам суусу эмне ниетте ичилсе, ошол нерсе ишке ашат».(ибн Мажжа)
Замзам суусунун өзгөчөлүктөрү:
1. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жүргүзгөн изилдөөлөрүндө замзам суунун дүйнөдөгү эң таза, ден соолукка тийгизген таасири өтө чоң деп табышкан.
2. Ичкен кишини ток кармайт, ач болгон ичсе карды тоюп, чаңкагандар ичсе суусунун кандырат.
3. Түбү кайсы жерден чыгып жаткандыгы белгисиз бойдон калууда. Замзам суусуна жакын жерде бир да булак жок, деңизден 80 чакырым узакта жайгашкан. Канча жыл болсо да бул суунун түгөнбөгөнү таң калтырып келет.
4. Болгону 1,5 м тереңдиктеги кичинекей кудуктан чыккан суу, ажыга барган миллиондогон адамды суу менен камсыз кылып жана азайганы, соолуганы да билинбейт.
5. АКШда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, замзам суусу дүйнөдө микроорганизм жана бактериясы болбогон жалгыз суу.
9) Ажылар жана Умра кылуучулар Алланын коноктору. Пайгамбар алейхис салам айтты:
[ الحجاج والعمار وفد الله ، دعاهم فأجابوه ، سألوه فأعطاهم ] . ( حسن ) سلسلة الصحيحة 4 رقم الحديث : 1820. رواه البزّار
«Ажылар жана Умра кылуучулар Алланын коноктору. Аларды чакырган эле жооп беришти(барышты). Андан(Алладан) сурашты эле аларга (сурган нерсесин) берди».(Баззаар)
10) Мина өрөөнүндөгү Хойф мечитинде пайгамбарлар намаз окуган. Пайгамбар ага Алланын салават-саламдары болсун, айтты:
» حج خمسة وسبعون نبيا كلهم قد طاف بهذا البيت وصلى فى مسجد منى » (رواه الفاكهي في أخبار مكة).
«Жетимиш беш Пайгамбар ажылык кылып, баарысы бул Үйдү таваф кылып айланган жана Мина мечитинде намаз окушкан».(Факихий)
Пайгамбар ага Алланын салават-саламдары болсун,айтты:
عن ابن عباس رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: ((صلى في مسجد الخيف سبعون نبياً (( رواه الطبراني في الأوسط وإسناده حسن, وقال عنه الشيخ الألباني في صحيح الترغيب (برقم 1127): حسن لغيره.
«Хойф мечитинде жетимиш пайгамбар намаз окуган».(Табарани)