Суудан үлгү ал!

Япониялык илимпоз Эмото Масару айткандай, суу да бир абалдан экинчи абалга өткөндө, мисалы, суюк абалынан газ абалына, же музга айланып кайра эриген убакта жаман информацияларды өзүнөн чыгарып таштоо менен тазаланат. Ошентип ал негизги структурасын сактап калат. Бул анын ичиндеги жашоо программасын сактап калат дегени. Биз да суудан үлгү алып күнөөлөрүбүздөн тазаланышыбыз керек. Эгерде биз күнөөлөрдөн арылып, жашоо образыбызды ыймандуу жашоого өзгөртсөк, бир абалдан экинчи абалга өтүп тазаланган болобуз. Ошентип, өзүбүздүн адамдык сапатыбызды сактап калабыз.

Урматтуу окурман, баарыбызга маалым болгондой, асмандар менен жердеги сөздөрдүн эң мыктысы бул Алла Тааланын Ыйык Курандагы сөздөрү. Жараткан Алла менен жаратылган пенденин ортосундагы айырмачылыктарды салыштыруу мүмкүн эмес. Адамдын жөнөкөй сөздөрүнө таасирленген суу менен Кудайдын сөзүнө таасирленген сууну бири-бирине салыштырса болобу?!.. Жок, мүмкүн эмес. Мындан Алла Тааланын сөздөрүн өзүнө сиңирип алган суу бизге, канчалык шыпаа берүүчү суу экенин билсек болот. Бул Мээримдүү Алла Тааланын бизге берген чексиз мээримине далил болот. Алла Таала Ыйык Куранда Исра сурөсүнүн 82-аятында айткан:

  «Биз Куранда ыймандууларга шыпаа жана мээрим боло турган нерселерди түшүрөбүз…»

Жогоруда айтылган аятта Алла Таала Ыйык Куран аркылуу ыйман келтиргендерге шыпаа менен мээрим берери жөнүндө баяндалган. Алланын ар бир сөзү — биз учун шыпаа. «Колдо бар алтындын баркы жок» дегендей, биз мусулмандар, колубуздагы Ыйык Курандын баркын, жашообуздагы ролун билбей жатабыз. Биз Алланын сөздөрүн окууну үйрөнсөк, аны жаттасак, аны менен иш- аракеттерди кылсак жана аны менен сууга дем салып ичсек, ал бизге шыпаа болот. Ыйык Куран китеби бизге хидаят, ыйман, бакыт жана багыт берет. Ааламдардын Раббиси, Жаратуучусу болгон Алла Тааланын ыйык сөздөрү өз ичинде мааниси эң күчтүү болгон позитивдүү информацияларды камтып алган.

 Куран окуп дем салынган сууну ичкенибизде ал биздин бүт денебизге тарайт. Ар бир клеткабыздагы негативдүү информацияларды позитивдүү  информацияларга алмаштырып тазартат, алардын иштөө функцияларын жакшыртат.

Ошондуктан күн сайын уйкудан турганда жана жатаардан мурда бир стакан сууну алып, ага «Фатиха», « Аятул-Курсий», «Ихлас », «Фалак» жана «Наас» сүрөлөрүн окуп, аны ичип жүргөн адам, Кудай буюрса, кептеген ооруулардан, көз тийгенден, шайтандын азгырыктарынан сак болот. Бирок, бир шарт менен, суу ичип жаткан адамдын жүрөгү рухий жана нафсий ооруулардан тазаланган болушу керек. Тактап айтканда, жүрөгүндө текебердик, жек керүү, кызгануу, таарынуу, көрө албастык, шек-күмөн сыяктуу ооруулар болбошу керек.

Алла ар бирибиздин жүрөгүбүздү татыктуу таза жүрөктөрдөн кылсын!

 

Даярдаган: Ашур Али уулу Мавлян