Ала-Букадагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен дин кызматкерлери ысырапкерчиликти токтотууну талкуулашты

Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекеме-ишканалардын жетекчилеринин жана райондук баш имам хатиб Шумкарбек ажы Чыналиевдин катышуусунда ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча жыйын өттү.

Ысырапкерчиликти токтотууга багытталган жыйын алкагында райхатиб ырксыз чыгымдардын зыяндуулугу жана шариаттагы орду туурасында маалымат берип, той-топурларда, маркумду акыркы сапарга узатууда ашыкча чыгымдарды азайтуу керектигин баса белгиледи.

Ал эми жыйындын катышуучулары бир добуштан жана бир демилге менен  ысырапкерчиликтин алдын алуу учурдун талабы экендигин баса белгилешип, калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү керектигене токтолушту.