Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби шаардагы медициналык колледждин студенттери менен жолугушуп, ала качуунун шарияттагы ордун айтып берди

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков шаардагы  медициналык колледждин студенттери менен жолугушуп, ала качуунун шарияттагы орду, анын үй-бүлөгө тийгизген таасири темасынын алкагында баяндамасын жасады.

Дүйнө жүзүндөгү көптөгөн өлкөлөрдө кыз ала качуу кылмыш деп эсептелет. Кыздын эркине каршы чыгып ала качуу шариятка да туура келбейт. Ислам дининде кыз ала качууга кескин түрдө тыю салынат,-деди Абсатар ажы Эркинбеков

Мындан сырткары жолугушуунун алкагында кыздарга ыйман, адеп-ахлак, билим алуу туурасында түшүнүктөрдү берип, социалдык тармактарды туура пайдаланууга чакырды.