Эл ортосундагы ынтымак

Ислам дини тынчтыктын, моюн сунуунун, тазалыктын, ынтымактын дини болуп эсептелет. Негизи Ислам деген сөздү кыргызча сөз лексика жагынан которгондо «Тынчтык» деген маанини билдирет. Динибиз эл ортосундагы ынтымак – биримдикке, улууларды урматтап, бардык адамзатка, жаратылышка өтө жакшы мамиле кылууга кызыктырып, аталган иш – арекеттерге көп жакшылыктарды убада кылган.

Ислам дини бир туугандыкты же болбосо ынтымакта жашоону бир урууга же улутка негиздебейт. Ислам дини боордоштукту, ынтымак, тынчтыкты «Дин» деген асыл баалулукка такайт. Ошол себептен мусулмандар мейли башка – башка материктерде, ар башка өлкөлөрдө жашашсын, мейли ар башка тилде сүйлөп, ар башка улуттун, уруунун өкүлү болсун, Аллах Тааланын өкүмүнө ылайык «Бир тууган, боордош» деп эсептелинет. Куран аяттарынын биринде бул багытта мындай делет:

انما المؤمنون اخوة فاصلحوا بين اخويكم و اتقوا الله لعلكم ترحمون

«Чындыгында ыймандуу момун – мусулмандар бир тууган. Ошондуктан бири – бириңердин ортоңорду түздөгүлө (бири – бириңерди ынтымакка чакыргыла). Аллахтын ырайымына ээ болуу үчүн, Аллахтан корккула» (Хужурат 10)

Демек, момун мусулмандардын бардыгы эч бир улут, урууга карабастан бир тууган болгондон кийин, ар бир мусулман менен өзүңдүн боордош бир тууганыңдай мамиле кылуубуз керек. Ынтымакта, тынчтыкта жашоо, бардык адамзатка жакшы мамиле кылуу – Аллахтын ырайымына бөлөй турган сыпат.

Дагы бир Куран аяттарында төмөнкүчө Аллах Таала бизге өкүм кылат:

يا ايها الناس انا خلقناكم من ذكر و انثي و جعلناكم شعوبا و قبائل لتعارفوا ان اكرمكم عند الله اتقاكم ان الله عليم خبير

«Оо, адамзат! Биз силерди эркек (Адам ата) – ургаачыдан (Обо энеден) жараттык. Ошондой эле бири – бириңерди таанып – билишиңер үчүн урууларга жана элдерге бөлүп койдук. Аллахтын алдында силердин эң сыйлууңар – такыбараагыңар. Чындыгында, Аллах баарын Билүүчү, баарынан Кабардар» (Хужурат 13)

Аяттан белгилүү болгондой башка улут, башка түстүү болгондун бирден бир максаты бул таанышыт, достошуп, боордошуу үчүн экени маалым болду.

Бирок, тилекке каршы убакыттын өтүшү менен «ишеним, диндеш бир туугандык, такыбалык, оор турмуштан кыйналып тургандарга акы талап кылбастан, милдет кылбастан жардам берүү, арыздашкандарды элдештирүү, эч бир урууну же улутту төмөнсүнтпөө, жек көрбөө, улут – улут болуп согушпоо» сыяктуу асыл касиеттер адамзаттын тил астында эле калып, булардын ордуна адам баласын эч качан бактылуу кыла албай турган жана бул дүйнөө менен гана чектелип, акыретке кыпындай тиешеси жок, жалаң гана материалдык кызыкчылыктарды камтыган бир топ жасалма иш – арекеттер ойлонуп табылып, журт арасында өтө кенен таркалып келет.

Акыйкатта, адилеттүүлүккө төп келбеген мындай жаман иш – арекеттердин кесепети адамдарды дос – душман, жакшы – жаман, күчтүү – алсыз деп экиге бөлүп, эч качан элдешкис абалга жеткирди. Аллах берген айырмачылыктарды, тактап айтканда улут, уруу, түс, тил жагынан болгон айырмаларды өзгөчөлүк, артыкчылык, же бетке жабылган кара көө, шермендечилик катары эсептеген түбү бузук системалардын иш – арекетинин жыйынтыгында эл арасында чагымчылыктын, бөлүнүүнүн, жек көрүүчүлүктүн үрөөнү себилип, мунун айынан элдер, улуттар кайраштырылып, согуштар жарыяланып, миң, миллиондогон адамдардын башын ооруткан ар кандай кыргындар болуп жатат.

Жогорудагы аятта айдан ачык болуп көрүнүп тургандай, Аллах Таала бир ата, бир энеден тараган элдерди жана улуттарды бири – бири менен каршылашып чабышсын, согушсун деп эмес, бири – бири менен тыгыз алакада болуп, ынтымак – ырашкерлик, тынчтык – биримдикте жашашсын деп сыноо үчүн жараткан.

Мисал катары: Миллиондогон айыпсыз адамдын өлүмүнө себеп болгон ак түстөгүлөр менен кара түстөгүлөрдүн ортосундагы жек көрүүчүлүккө тарых күбө. Ак түстүүлөр зордук – зомбулук, мыкаачылык менен канчалаган кара түстүүлөрдүн өмүрлөрүн кыйышкан. Эми Ислам тарыхына кайрылсак бардыгыбызга маалым болгондой Пайгамбарыбыз (с.а.в) дын эң биринчи азанчысы кара түстөгү Эфиопиялык Билал (р.а) болгон. Пайгамбарыбыз анын түсүнө, улутуна, анын даражасына карабай, бүткүл адамзатка үлгү катары, бардык элдин укугу бир экенин бизге таалим кылып убагында бир кул болгон Билал (р.а) ну намазга чакыруучу азанчы кылып дайындаган. Мына Ислам дини өтө таза, бардык элдин укугун коргогон, ынтымакка, биримдикке чакырган улуу дин болуп эсептелет. Ислам дини бирөөнө зыян жеткирүү, бирөөнү ушакто, бирөөнө жаман сөз айтып сөгүү, уруу – уруу болуп бөлүнүү, согушуп, бирин – бири өлтүрүү, азыркы учурда кездешип жаткан терроризм – экстремизм деген иш – арекетердин баарын өтө чоң күнөө деп баса белгилеген.

Пайгамбарыбыз (с.а.в) коштошуу кутбасында мындай деген: «Оо, эл журт! Баарыңар Жалгыз Аллах Тааланын кулдарысыңар, ушул эсиңерде болсун! Араптын башка элден, башка элдин араптан, ак түстөгү адамдын кара түстөгү адамдан, кара түстүү адамдын ак түстүү адамдан кыпынчалык да артыкчылыгы жок…»

Башка бир хадисинде пайгамбарыбыз (с.а.в) мындай деген: «Баарыңар Адам Атанын урпагысыңар. Адам болсо топурактан жаралган. Эч ким ата – бабаларынын кыйындыгына мактанбасын. Кимде – ким бул айтылгандын тескерисин жасаса, Аллахтын алдында кадыр – баркы өтө төмөн болот».

Ислам дини бардык элдин укугун когоп, ынтымак – ырашкерликте, достук – боордошууда жашоого үгүттөйт. Ислам дини эл ортосундагы ынтымакка чакырат. Ошол себептен биримдик, ынтымак деген түшүнүк маанисин жоготуп, ар кимибиз башыбыз оогон жакка ооп турган учурда, Аллах Тааланын Даанышмандыгынын жемиши болгон, Ислам «Тынчтык» деп атап койгон таза диндин баалуулуктарына кайрадан кайтуудан башка жол жок. Аллах бардыгыбызга тынчтык, ынтымак жошоо насип кылсын! Аамиин!

 

 

Даярдаган: Чүй облусунун мусулмандар казыяты.