ЖАРЫЯ! Муфтият Кыргызстандын жана Сауд Арабиянын улуттук авиакомпаниялары ортосунда конкурс жарыялайт (талаптар)

2019-жылдын ажылык иштери жакындап калганына байланыштуу Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармасы 2019-жылдагы Сауд Араб Падышалыгына болгон ажылык сапарына ажыларды жеткирүү үчүн Кыргыз Республикасынын жана Сауд Араб Падышалыгынын улуттук авиакомпаниялары ортосунда 2018-жылдын 28-декабрынан 2019-жылдын 28-январь, саат 17:00гө чейин конкурс жарыялайт.

Талаптар:

2019-жылы Кыргызстандан Сауд Араб Падышачылыгына  ажыларды аба жолдору менен ташуу конкурсуна катышуучу  авиакомпанияларга коюлуучу негизги талаптар

    1. Кыргыз Республикасынын (КРнын) Транспорт жана Коммуникациялар Министрлигинен (Жарандык Авиация Агентствосу) берилген жана Сауд Араб Падышалыгына (САП) тарабынан жактырылган жана эрежелерине жооп берген тиешелүү лицензиялардын жана сертификаттардын болуусу.
    2. Көрсөтүлгөн маршруттарга учуучу, катталган мамлекети, техникалык мүнөздөмөлөрү, самолеттун тиби, сыйымдуулугу  көрсөтүлгөн эки аба кемесинин (АК) болуусу (АК каттоо жөнүндөгү Күбөлүк жана АКнин  тиби жана учууга жарамдуулугу  күчүндөгү сертификаты).
    3. Авиакомпаниянын Ош жана Бишкек шаарларынан Жидда, Мадина шаарларына алып баруучу жана кайтып алып келүүчү түз рейстерди жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгүнүн болуусу (САПтын эрежелерине жооп берүүчү бардык керектүү уруксаттар жана жактыруулар).
    4. Бир ажынын алып баруу жана алып келүү авиабилетинин наркынын эсеби (Прайс-лист).
    5. САПка (Жидда жана Мадинага) слоттун болуусу (учуу графиктери)  болжол менен 2019-жылдын 15-июлунан,  2019-жылдын  1-августуна чейин.
    6. Акысыз ташылуучу жүктүн ченеми 30 кг жүк, 10 кг кол жүгү жана кошумча 5 литр Зам-зам суусу.
    7. САПтын Жарандык авиациясынын департаментинин бекиткен эки жактын слотторун (учуу графиктерин) КМДБга 2019-жылдын 1-мартына чейин берүү.
    8. Авиакомпаниянын аба кемелеринин Кыргыз Республикасынан учкан рейстери Медина шаарына жергиликтүү убакыт боюнча саат 06-00дөн саат 12-00гө чейин, андан кечикпестен конуп бүтүүлөрү керек.
    9. Аба жолдору аркылуу ажыларды түз чартердик жана такай рейстер менен ташуу боюнча тажрыйбасынын болуусу.
    10. Самолёттун ичинде сөзсүз “ХАЛАЛ” тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу.
    11. Ажылардын график боюнча КЫРГЫЗСТАНдан САПка жана андан кайта учуусунда  Жидда жана Мадина шаарларынын аэропортторунда Авиакомпаниянын өкүлчүлүгүнүн болуусу.
    12. Конкурска катышууга заявка берген жактын укугун тастыктоочу документтин (ишеним кагаз) болуусу.
    13. Юридикалык жактын салык жана соцкоторуулар боюнча карызынын жоктугун тастытоочу документтин болуусу.
    14. Эл аралык стандарттарга жана эрежелерге ылайык келүүчү АК (аба кемеси), 50 кишиден турган топторду бөлбөстөн, бортунда эң кеми 200 ажыны алып учууга мүмкүнчүлүгүнүн болуусу.
    15. Авиакомпаниялар көрсөткөн документтер сөзсүз мамлекеттик же официалдык тилде болуу жана атайын конверттерге салынып жана мөөр басылган болууга тийиш.
    16. Чет өлкөлүк авиакомпанияларга коюлуучу сөзсүз талаптар бул – Бишкек шаарында алардын официалдуу күчүндөгү өкүлчүлүктөрүнүн болуусу. Бишкек шаарындагы чет өлкөлүк авиакомпаниялардын официалдуу өкүлчүлүктөрү жана анын өкүлдөрү, конкурстан жеңген учурда, ажылыкты өткөрүү мезгилинде үзгүлтүксүз штаттык режимде иштөөгө жана Муфтияттын өкүлчүлүк органы менен зарылчылыкка жараша 24 саат байланышта болууга тийиш.
    17. Конкурстун жеңүүчүсү менен түзүлгөн келишимдин жалпы суммасынын 5% кармалат жана ал САПтан ажыларды алып авиаташуунун акыркы рейси келгендин кийин бир жуманын ичинде төлөнүп берилет.
    18. Конкурстун жеңүүчүсү менен келишимге кол коюу учурунда, ал жерде авиакомпаниянын генералдык өкүлүнүн сөзсүз катышуусу.
    19. Авиаташуучу, жүргүнчү жана ошондой эле анын жүгү жөнүндө алынган маалыматтардын конфиденциалдуулугун камсыздайт жана үчүнчү жактарга аларды суроо жана тиешелүү мыйзамдарга жана эрежелерге ылайык берет.
    20. Ташуу учурунда аэропорттордогу жыйым, салык, пошлиналар жана башка керектүү жыйымдарга байланыштуу чыгымдарды Авиакомпания (жеңүүчү) көтөрөт.
    21. Муфтият келишимдин жана Авиакомпания берген счет-фактуранын негизинде Ажыларды жана алардын жүктөрүн ташууга авиабилеттерди брондоого кеткен төлөмдү гана төлөйт. Калган бардык милдеттүү төлөмдөрдү жана салыктарды төлөөнү Авиакомпания (жеңүүчү)  өзү жүргүзөт.
    22. Абадан ташуу боюнча түзүлгөн келишимдин аткарылуусуна байланыштуу келип чыккан талаштар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен гана жөндөлөт жана Кыргыз Республикасынын сотторунда каралат.

     

Конкурска катыша турган авиакомпанияларга коюлган талаптар тууралуу кенен  маалымат алуу үчүн Муфтияттын төмөнкү дарегине кайрылса болот.

Бишкек ш, Гогол көч, 57 (Москва көчөсүнүн кесилишинде).

Байланыш телефондору:

0(778)90-06-01         

тел/факс: 0312 48-61- 67     

э-почта: muftiyat.hajj@mail.ru

Конкурс өтө турган күн:

2019-жылдын 30-январы, саат 10:00

Жайы:

Муфтияттын жыйындар залы.

Документтерди кабыл алуу:

2018-жылдын 28-декабрынан 2019-жылдын 28-январы,  саат 17:00гө чейин.

Жыйынтыкты жарыялоо күнү:       

2019-жылдын 1-февралы.

 

ЭСКЕРТҮҮ: Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилген арыздар кабыл алынбайт.

 

КМДБнын  Ажы-Умра жана Эл аралык байланыштар бөлүмү