Ак-Суудагы М.Мамакеев атындагы орто мектеби райондук хатибият менен биргеликте «Жаштар-эртеңки келечегибиз» аталышындагы иш чара өткөрдү

Ак-Суу районунун Теплокюченка айылындагы М.Мамакеев атындагы мектеби райондук хатибият менен биргеликте «Жаштар-эртеңки келечегибиз» аталышындагы иш чара өткөрдү. Иш чарага райондун баш имам хатиби Асантур ажы Абдрахманов, мектеп мугалимдери  жана окуучулар катышып, ыйман, адеп-ахлак, убакытты туура пайдалануу, арактын зыяндуулугу, зына, экстремизм, терроризм, терс диний агымдар, аялдын коомдогу орду, ата-энеге болгон мамиле маселелери каралды.

Муну менен катар бул күнү балдарга билим алуунун артыкчылыктуу багыттары айтылып, китеп окууга чакырыктар жасалды.

Балдарыбыз билимдүү, зирек, акылдуу жана бай ой жүгүртүүгө ээ болсо, анда ар кандай терс диний агымдарга, азгырыктарга бөгөт коюлат,-деди Асантур ажы Абдрахманов.