Бакай-Ата районунун Май айылында заманбап мечит колдонууга берилди

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Май айылында заманбап мечит колдонууга берилди.  «Нур» мечитинин ачылыш салтанатына Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Тажидин ажы Байтеитов, Талас облусунун мусулмандар казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков, Медер ажы Сагынбаев жана Катар кайрымдуулук уюмунун өкүлү Адилет Мамбетов катышып, мечиттин шарияттагы ордун айтып берип, айыл тургундарын ынтымакка, биримдикке чакырышты.

Эскерте кетсек, «Нур» мечитинин салынышына Катар кайрымдуулук уюму жана Нур Мухаммад Махмуд демөөрчүлүк кылышкан.