Кадамжайда өспүрүмдөр арасындагы зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Кадамжай районунун Майдан айылндагы  Исфайрам орто мектебинде өспүрүмдөр арасындагы  зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иши жүргүзүлдү. Иш чарага мугалимдер, жогорку класстын  окуучулары катышып, аларга  айыл имамы Алип Кочконбаев жана  Таабалды Кадыркулов  ата-эненин сыйоо, мугалимди урматтоо, балдарды билимдүү кылуу,  зомбулуктун шарияттагы орду туурасындагы маалыматтарды  беришти. Ошондой эле катышуучулар өздөрүнүн суроолоруна имамдардан жооп алууга мүнкүндүк түзүлдү. Ал эми айыл имамдары мыкты суроо берген жана активдүү катышкан окуучуларга өздөрүнүн белектерин беришти.