Түп райондук хатибияты жыл жыйынтыгын чыгарды

Түп райондук хатибияты жыл жыйынтыгын чыгарды. Бул туурасында райондун баш имам хатиб Бакыт ажы Кайкиев билдирди. Жыйын хатибияттын жыйындар залында өтүп, анда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы жана облустук казыяттан келген тапшырмалардын аткарылышы, аймактарды өнүктүрүү жылына карата кабыл алынган пландын ишке ашырылышы талкууланды. Муну менен катар мечиттердин катоосу, тазалык маселелери жана жарандарга түзүлгөн шарттар каралып, сунуш-пикирлер айтылды.