Бишкекте “Диний экстремизмдин алдын алууда ЖМКнын ролу” темасында тегерек стол өттү

Бүгүн, 26-декабрда Бишкектеги «Сити» мейманканасында “Диний экстремизмдин алдын алууда ЖМКнын ролу” темасында тегерек стол өтүп, ага КР Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфийинин орун басары Замир каары Ракиев, КМДБнын фатва бөлүм башчысы Равшан ажы Эратов, ИИМ, МУККнын ДИМК, КМДБнын басма сөз катчылары жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

Тегерек стол Интерньюс эл аралык уюму менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан уюштурулуп, андагы катышуучулар экстремизим менен терроризмдин алдын алууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын орду чоң экендигин жана бул көйгөй укук коргоо органдарынын гана эмес жалпы көйгөй экендигин бир ооздон айтышты.

Экстремизимдин алдын алууда  ЖМКнын орду чоң. Учурда азгыруулардын басымдуу бөлүгү интернет айдыңында болууда. Бирок биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен колдонмо куралдарды дардап чыктык. Биз биргеликте коомдун коопсуздугун камсыз кылышыбыз керек жана биргеликте  экстремизимге каршы турушубуз зарыл,-деди Мирлан Каниметов.

Муну менен катар ал ЖМК өкүлдөрүн бул жаатта окутуу керектигин айтып, бул тармак боюнча журналистер менен ишти жакшыртуу керектигине токтолду.

Ал эми КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору мындай иш чаранын өтүүсүнүн мааниси чоң экендигин белгилеп, экстремизимдин алдын алууда  мамлекеттик деңгээлдеги ири жыйындардын өтүп жаткандыгын белгиледи.

Бүгүн, 21 кылымда интернет жана ЖМКны жакшы нукта пайдалансак биригүүгө, өнүгүүгө алып барат. Интернет тармагында чек ара жок жана аны зым тор менен тосууга болбойт. Андыктан аны жакшы жакка пайдалануубуз керек. 2014-2020-жылга карата кабыл алынган концепциянын 3 багыты экстремизим менен күрөшүү, бул жаатта 40 минден ашуун иш чара өттү,-деди   Зайырбек Эргешов.

Ошондой эле ДИМК директору экстремизим менен күрөшүүдө бирдиктүү программа иштеп чыгуу керектигин, коомчулук арасында түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүүп турууну баса белгиледи. Муну менен катар ал учурда 56 мектепте КР билим берүү министрлиги менен биргеликте дин маданиятынын тарыхы сабагы киргизилгендигин кошумчалады.

Ал эми Ички иштер министрлигинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын бөлүм башчысы Эрлан Бакиев  2017-2022 жылдарга карата экстремизим, терроризимдин алдын алуу боюнча атайын программа иштелип чыккандыгын жана бул жаатта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте агартуу жана түшүндүрүү иштери жүрүп келе жаткандыгын билдирди. Ошондой эле ал, учурда 5 миллион интернет колдонуучу бар экендигин, алардын 30 пайызы компьютер колдонсо, 70 пайызы уюлдук телефон аркылуу интернет колдоноорун маалымдады. Муну менен катар Эрлан Бакиев   36 сайттын ишмердүүлүгүнө тыю салынгандыгын кошумчалады.

Тегерек стол алкагында КР акыйкатчысы Токон Мамытов эсктремизмдин жайылтуучулары идеяга бай экендигин айтып, Ислам динин курал катары колдонуп жактандыгын жана Ислам дини коргоого муктаж экендигин билдирди.

Кантип каршы туруу керек? Экстремизмдин алдын алууда ИИМ биридиктүү система иштеп чыгып, ага ар бир тарап колдоо көрсөтүүсү керек,-деди Токон Мамытов.

Муну менен катар тегерек столдун катышуучулары мыйзамсыз миграция, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу экстремизм жана терроризмди алдын алуу иш-аракеттери жөнүндө маалыматтарды коомчулукка жайылтуудагы маселелер боюнча кызуу талкуу жүргүзүшүп, суроо-жооп аркылуу өз ойлорун дагы айтууга үлгүрүштү.

 

ФОТО: Пресс служба ДИМК