Муфтият Бишкектеги карылар үйүнө демөөрчүлүк кылган мекемелерге жана кайрымдуу инсандарга ыраазычылык барагын тапшырды

Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык улгайган жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесинде карылар үйүнө демөөрчүлүк кылган мекеме-ишканаларга жана жеке ишкерлерге ыраазычылыктар айтылып, алкыш баракчалар тапшырылды.

Иш чарага район акимчилигинен, Бишкек шаардык жергиликтүү кеңешинин депутаттары, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын кызматкерлери катышып, карыяларга жылуу сөздөрүн жана каалоо-тилектерин айтышты.

Муну менен катар саамалык алкагында Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы карылар үйүнө демөөрчүлүк кылгандыгы үчүн «Замандаш» партиясына, «Асыл кенч» фондуна, «Daniel mebel»  ишканасына жана «Умма» журналына ыраазычылык барагын тапшырды.