Бүгүн, 26-декабрда Аалымдар Кеңешинин кезектеги 6 жыйыны өтүп, анын алкагында Борбордук Текшерүү Комиссиясы отчет берип, аймактагы диний абал талкууланды

Бүгүн, 26-декабрда Кыргызстан Ислам Университетинин жыйындар залында Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, анын алкагында Борбордук Текшерүү Комиссиясынын жана АК курамынын жыл ичинде аткарган иштеринин отчету каралды.

Отчеттук жыйын алкагында 2017-2018 жылдардагы жүргүзүлгөн финансылык текшерүүлөрдүн толук жыйынтыгы тааныштырылып, Аалымдар Кеңешинин аймактарды кыдыруудагы багыттуу иштери талкууланды. Муну менен катар АК курамы аймактардагы имамдардын ишмердүүлүгү жана коомчулук менен иш алып баруусу, отчеттулукту жөнгө салуу жана иш кагаздардын жүргүзүлүүсүн карап чыгышты.

Ал эми  Аалымдар Кеңешинин  төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов 2018-жылы аткарылган иштерге саресеп салып, жетишкендик менен кемчиликтерге токтолду. Ошондой эле аймактарды өнүктүрүү жылына карата кабыл алынган иш пландын жана токтомдордун  аткарылышы боюнча бир топ маселелер каралып, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасына тапшырма катары берилди.

Жыйындын жүрүшүндө Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү аймактардагы диний кырдаалдан кабар беришип, коомчулук арасында үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, эмдөө, экстремизм, терроризмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп, жергиликтүү бийлик органдары менен жолугушуулар уюштурулгандыгын айтышты. Ошондой эле казыят, хатибият жана имамдардын ишине кеңири токтолушуп, КМДБнын жана облус казыларынын отчеттору январь айынын экинчи жарымында алынаарын билдиришти.

Аалымдар Кеңешинин кезектеги 6 жыйынынын соңунда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасына бир катар тапшырмалар берилсе, Борбордук Текшерүү Комиссиясынын ишине «канаттандыраарлык» деген баа берилди.