Жаңы жыл – уламыш жана реалдуулук

Жаңы жыл байыртадан Жер шарындагы көптөгөн элдин негизги майрамы болуп келген. Ар бир калк жаңы жыл эсебин адатта кандайдыр тарыхий же уламыш окуяга байланыштырып өзүнчө белгилеген. Мисрликтер жыл санагын ар бир тектин өкүмдарлыгынан баштаса, римдиктер б.з.ч. 753-жылдан, тагыраак айтканда Римге негиз салынгандан баштап жүргүзүшкөн.

Жөөттөр муну б.з.ч. 3761-жылдан бери карай эсептеп келе жатышканын доо кылышат. Ошондой эле ааламдын жаралуусу да ошол жылдан башталат деп айтышат. Искандария жыл санагы болсо аалам жаралуусун б.з.ч. 5493-жылдан баштайт. Жаңы жылды белгилөө дээрлик бардык учурда сыйкырчылык – көзү ачыктык сыяктуу жөрөлөглөр жана үрп-адаттар жардамында өткөн , алардын таасири бүгүнкү күнүбүзгө чейин сакталып калган. Календарь түзөтүлүп – оңдолгонго чейин Россияда жаңы жыл византялыктардын амалдагы жыл эсеби боюнча 1-сентябрда белгиленген. Бул жыл санагы “Ааламдын жаралуусу”нан (алардын ишеними боюнча), тагыраак айтканда б.з.ч. 5509 жыл 1-сентябрдан жүргүзүлчү. Бүт күч-аракети менен Россияны европалаштырууга умтулган падыша Петр I  өзүнүн 1699-жыл 15-декабрдагы буйругу менен жаңы жылды белгилөөнү Россияда 1-январдан деп белгиледи жана “Иса а.с.дын туулган күнү”нөн (Рождество Христово) башталган батыш Европа миладий жыл санагын жарыя кылды. Падышанын буйругунун түп мааниси мындай болчу:

“Улуу урматту падыша буйрук берди: Европадагы көптөгөн насроний (христиан) мамлекеттери гана эмес, балким биздин чыгыш православ чиркөөбүз менен толук пикирлеш болгон славян калктары, алардан: волоктор, молдавандар, сербтер, далматтар, болгарлар жана башка улуу урматтуу падышанын карамагындагы черкестер ошондой эле биздин православ динибиз алынган гректер – бул калктардын баары өз жылдарын Исанын туулган күнүнөн сегиз күн өткөндөн соң, тагыраак айтканда ааламдын жаралышынан эмес, балким 1-январдан башташаар эле…”

Пётр I аракети менен Россияда “Аалам жаралышы”нан эсептелген 7208- жылдын 31-декабрынан “Иса а.с.дын туулган күнү”нөн эсептелген 1700-жылдын 1-январына өтүп калды, тагыраак айтканда жыл санагы Иса а.с.дын туулган күнүнөн эсептеле турган болду. Бирок жаңы жылдын башталуусу Иса а.с.дын туулган күнүнөн баштоо, сылык кылып айтканда, адептен да, туура да эмес болчу. Анткени Иса а.с. да, хаварийлери (анын жардамчылары) да, ошондой эле мурдакы эки доордо жашаган алгачкы христиандар да жаңы жылды белгилешкен эмес, жадагалса ага байланыштуу жөрөлгөлөрдү мажусийлик (отпарастык) жана шайтаний амалдардан деп эсептешкен. Мындан сырткары, Иса а.с.дын анык туулган числосунда ачыктык киргизүүчү ишеничтүү (сахих) булактар маалым эмес болгон. Ошондуктан орундуу суроо туулат: андай болсо проваслав чиркөөсү юлиан календары боюнча жыл башы катары белгиленип жаткан 7-январь, католик чиркөөсү григориан календары боюнча белгилеп жаткан 25-декабрь даталары кайдан пайда боло калды. Эгер, жогоруда айтылгандай, кадимки Христиан чиркөөсү бул датадан кабарсыз экен, демек жаңы жылды таптакыр белгилебеген болуп чыгат. Бул суроого жооп табуу үчүн тарыхка бир аз саякат кылууга туура келет.

Константин жана Күн “кудай”ы

313-жылы Рим императорлору Улуу Константин жана Литсиний абийир эркиндиги жөнүндө кошумча ачыктама жарыялашты. Ошондон тарта бүтүн мамлекетте насронийлерди ар кандай куугунтуктоого тыюуу салынды. Насроний жамааттарынын башында узак убакыт асылып турган ажал кылычынын бүтүндөй кырып таштоодой коркунучу аягында жокко чыкты. Бирок жаңы жана коркунучтуу бир көйгөй пайда болду. Мурдалары, куугунтуктоо учурунда насронийлердин сабында олуттуу, калыс жана өтө таква кишилер гана калып, аларда чечкиндүүлүк, калыстык, аракетчилдик сыяктуу сыпаттар бар болчу. Илгери насронийлик жана Римдин мажусий маданияты ортосунда анык чек-ара бар болчу. Кийинчерээ болсо, динге кайдыгерлик, түрдүү саясий пайдаларды көздөө жана эки жүздүүлөр насроний жамааттарына жапырылып кире баштады. Себеби Константин насроний попторду белек-бечкектер менен сыйлоо, чексиз мүмкүнчүлүктөрдү берүүнү күчөтүп жиберген болчу. Чындыгында, ал буларды насронийлердин кара көздөрү үчүн же өзүнүн диний кызыгуулары себептүү кылбай жаткан эле: ал бүт өмүр мажусийлигиче калды. Болгону ал насронийликке каршы күрөшүүнүн ордуна жакшысы андан бийликтин пайдалары үчүн колдонуу керек, деген пикирге келген болчу. Ошентип, чиркөө мамлекет кызматына кирди ошондой эле насронийлик жана мажусийлик ишеними ортосундагы чек-аралар барган сайын жоголо баштады. Константин эми чиркөөнүн ички иштерине эч кыйынчылыксыз аралашып, насронийликти өзүнө кректүү өзөнгө багыттай алат болчу. Натыйжада насронийлердин саны артты, ал эми мажусий башкарып жаткан дин барган сайын түп нускасынан бузула баштады.

Диний реформаларга жогорудан болгон басымдарга карабай, мамлекеттин жашоочулары, айрыкча айыл жеринин жашоочулары арасындагы эзелки мажусийлик ишеними жана жөрөлгөлөрү дале өз күчүндө калган эле. Ошондуктан латынчада “айыл жашоочусу” деген маанини билдирүүчү «paganus» сөзү “мажусий”, “насроний эмес” маанисинде колдонула баштады. Орустардагы бүт насроний эместерге иштетилген “поганые” сөзү да ушундан алынган.  Бир сөз менен айтканда, тезирээк эмнедир кылыш керек болчу. Өкүнүчтүүсү, дүйнөнүн таттуулугу жана Константиндин сурбеттиги каршысында өзүн туруктуу кармай албаган насроний поптору башында Иса а.с. жийиркенген мажусийлик ишенимин, сырдуулугун жана жөрөлгөлөрүн насронийлердики, деп жарыя кыла баштады. Чиркөө жеңил гана мажусийлердин “кудай”ларынын ысымдарын насронийлердин олуяларынын ысымдары менен алмаштырды, мажусий даталарын чиркөө календарына ылайыкташтырды. Ал ушул жол менен мажусийликти адамдардын аң-сезиминен кысып чыгарууну, ушул жол менен мамлекет жашоочуларын Исанын жердеги орун басары болгон императорго баш ийдирип берүүнү ойлогон болчу. Булар акыр-аягы эмнеге алып келди?

Рим мамлекетинде фарстардын адам – “кудай”ы, күн тамсилдеринен бири Митранын туулган күнү чоң салтанат менен майрам кылынчу. Ошондуктан бул майрам кышкы күн кайтуусу – 25-декабрда белгиленчү. Мажусийликтин адам – “кудай”ы Митрага сыйынуу ишенимине көрө, нан жеп, шарап ичүү жөрөлгөсү бар болуп, анда мажусийлердин кудайлардан тамактануу кадимки адатына көрө куду “кудай”дын денесин жеген, канын ичкен болоор эле.  Руханийлер кантип болсо да мажусийлердин Митра жалпы элдик майрамын кысып чыгаруунун калоосунда өздөрүнүн 354-жылдагы буйругу менен 25-декабрды Иса а.с.дын туулган күнү деп расмий түрдө белгиледи. Ал эми, жогоруда айтылгандай, пайгамбардын өзү да, хаварийлери да, мурдакы насроний чиркөөсү да мындай дата бар экендигин билишкен эмес жана аны белгилешкен да эмес. “Исанын туулуусу” датасы ушундай жол менен пайда болду жана бүгүнкү күндө көптөгөн диндарлар тарабынан пайгамбар Исанын туулган күнү деп чын дилден кабыл кылынууда.

Кудай – адам Митра майрамынан сырткары Осирис (Миср), Орфей (Греция), Аттис (Рим), Дусара (Арабстан), Таммуза (Бабил) ишеним жана диний жөрөлгөлөрү да бар болчу. Греция жашоочулары январь айында инсандарга кутулуш берүүчү, өлүп кайра тирилүүчү Дионис “кудай”ынын майрамын белгилешчү. Орустарда болсо диний сыйкырчылык жөрөлгөлөрү жана мажусийлик майрамдары да бар эле, мисал үчүн “святка”лар – рождество майрамы күндөрү менен жакшы эле аралашып кеткен болчу.

Демек, Иса а.с. туулган күндү көбүнчө жаңы жыл, дешибиз тарыхый негиздерге ээ эмес, бул күндүн Иса пайгамбарга жана анын туулган күнүнө эч кандай тиешеси да жок. Биз кубануу менен белгилөөчү жаңы жыл тап-таза мажусийлик тамырларга ээ. Жаңы жылды белгилөө мазмуну бардык калктарда дээрлик бирдей: сыйкыр-магия амалдары, инсан жана айбандарды курмандыкка чалуу, анын себебинен “кудай”ларын ыраазы кылуу жана аны менен бирге келе жаткан жаңы жылда үй-бүлөгө бакыт жана береке суроо болгон.

“Кудай” Клаус жана Мокош

Пётр I  1-январды жаңы жылдын башы деп жарыя кылып эле калбай, балким Москванын жашоочуларына жаңы жыл кечеси үйлөрдү карагай (сасна) дарактары жана шактары менен жасалгалоону буюрган: “…Жакшы ниет менен башталган жана жаңы жүз жылдык кылымды падышалыктын борбору болгон Москвада… кээ бир дарактар жана карагай… шактары менен… жасалгалансын…”

Падышанын буйругуна көрө, баары бирин-бири куттуктоо, жаңы жыл кечеси болсо күнөөлөрдү жагуу (“от жагуу оюну”) жана “атышма” уюштуруу шарт эле. Эгер падыша кайра тирилгенде, анын буйругуна, айрыкча, “атышма” уюштуруу жана ийне жалбырактуу дарактарды жок кылып таштоого мына 300 жылдан бери бекем амал кылынып келе жатканын көрүп, аябай таң калмак.

Жаңы жыл майрамдары, мол-көлдүк жана түшүмдүүлүк “кудайлары”на сыйынуу – мажусийлик “аграр” ишенимдерине түздөн түз байланыштуу болгон. Маселен, Миср жашоочулары ар жылы январь айында өлүп кайра тирилчү түшүмдүүлүк “кудай”ы Осирис майрамын белгилешчү. Бул болсо кадимки түшүмдүүлүк ишенимине өлүп кайра тирилчү өсүмдүктүн руху жөнүндөгү уламыштын бир көрүнүшү болчу. Мажусийлер жаңы жыл кирүүсүн дайыма шаан-шөкөттүү зыяпаттар менен белгилешчү, б.а. жөрөлгөнүн тамактары: таттуулуктар, бышырылган жумурткалар, таза кийимдер даярдалчу. Бул тамактардан “кудай”ларга же жерге назр кылышчу. Биздин заманда күзөтүлүп жаткан жаңы жыл даярдыктары, тагыраак айтканда инсан акыркы акчасын сарп кылып болсо да жана бир тыйынсыз калса да, жаңы жылды күтсөм болду, деп айтуусу мына ушулар менен байланыштуу. Негизги маселе – “кудайлар”дын ачуусун келтирп койбостук (бүгүн болсо адамдардын). Ыр – күү жана бий дээрлик бардык мажусий аграр ишенимдеринин сыйынуу жөрөлгөлөрүндө бар болчу, булар болсо жаңы жылды салтанат менен белгилөөнүн бир бөлүгү болгон. Көбүнчө жөрөлгө бийлеринде түрдүү маскалардан пайдаланышат эле. Жаңы жыл маскараттары дал ушул Европада белгиленчү дыйканчылык мезгилдерине аталган майрамдардагы оюн – күлкү, бий жана көчө маскараттарынан келип чыккан. Славяндарда да дыйканчылык “демөөрчүлөрү” учуроосу табигый. Колядтар – жаңы жылда аткарылчу ырлар болуп, славяндардын уламышындагы каарман Спас Коляд атынан алынган. Өз кезегинде коляддар анын урматына окулчу мактоо ырларынан турган. Мажусийлердин токумасына көрө, карагай шактары майрамды бузуучу, жокко чыгаруучу жаман рух жана жиндерге тикендей сайылуусу жана курч ийнелери менен аларды айдоосу керек эле. Мордвиндер болсо майрамды белгилеп жатканда тамк салынган себеттерди “кудай”ларына атап дарактарга илип коюшчу. Бул бүгүнкү күндөгү арчаларды жаңы жыл жакындашканда жасалгалап коюуга окшоп кетет.

Санта-Клаус негизинде Аяз ата жана ал кереметкөй олуя Николайдын дал өзү (ал жаңы жыл жакындашканда күтүлбөгөн белектерди берүүнү жакшы көрөт имиш). Ыктымал, ал да өтмүштөгү дыйканчылык мезгилинде же жаңы жылда ийгилик жана молчулук келтирчү “кудай”лардын бири чыгаар. Маселен, байыркы Римдеги уруулар “демөөрчү”сү – Клаус да жалпы мамлекет деңгээлиндеги ишенимге айланган болуусу мүмкүн, анткени Байыркы Римде ушуга окшош окуялар өтө көп учурап турган. Кийинчерээк Олуя Клаусга айланган, дагы кийин болсо санжыра боюнча – Олуя Николайга. Маселен, славяндардын чагылган “кудай”ы Перун Или пайгамбар ысымын алды, чарба “кудай”ы Велес болсо – олуя Власийге айланды. Ошентип, жаш балдарга белектер (туурасы алар бекер эмес) берүүчү бүгүнкү Клаус, илгери мажусийлер сыйына турган, ийгилик суралчу жана ага атап курмандыктар чалынчу “кудай” болушу мүмкүн.

Аяз кыз кайдан пайда болду? Мажусийлик ишениминде, түшүмдүүлүк “кудай”лары менен бирге алардын уламыштуу буттары (айкелдери) же  түшүмдүүлүктүн аял (ургаачы) “кудай”лары болгонун да айта кетүү керек (маселен, Бабил жана Мисрде). Байыркы жазууларда түшүмдүүлүк “маъбуда”сы (кудайы) ыйык эне наамы менен маалым, анын шериги болсо Аттис эсептелген. Кызык тарабы, уламышка көрө, жаш жана өктөм Аттис ыйык эненин сүйүү кысымдарынан качуу максатында, өзүн-өзү бычкан жана карагай дарагынын астында жан берген. Ошондуктан карагай ыйык эсептелинет экен. “Қарагай дарагын жана анын шактарын жасалгалоо” жөнүндөгү падышанын буйругу жөнү жок жерден жазылган эмес, балким булар эски мажусийлик ишенимдерге негизделген.  Аа, айтмакчы, кийинчерээк баарыбир Аттисти сүйүп калган “маъбуда” аны кайра тирилтип алган. Булардын баары – Аттистин өлүмү жана кайра тирилүүсү диний жөрөлгөгө негиз болду, жөрөлгө учурунда көп сандуу аламанга карата кечилдер: “Аттис тирилди!” деп кыйкырышкан. Бул “кудайлар”га сыйынуунун дээрлик бүт оюн-зоок кечеси сыяктуу болуп, алар ибадатканада сойкулук жана андан да бешбетерин, кечилдердин өзүн-өзү бычуу менен аяктайт эле. Аяз кызга кайтабыз: славяндардын өтө көп “Кудайлар”ынын арасында аял “кудай” Мокош да бар экендигин эсепке алган абалда, Аяз атанын шериги Аяз кыз – дыйканчылык жана түшүмдүүлүк ишениминин кышында тирилчү жана жазында болсо күн нурларына эрип өлүүчү мурдагы бир “кудай”ы экенине ишеним пайда кылса болот.

Негизинен алганда, жаңы жылды майрам кылуу, Арасту айтмакчы, дайым “ыктыярдуу жиндилик”ке айланат, башкача сөз менен айтканда, жалпылай аракечтик жана оюн-зоокто ашыкча кутурууга айлануу “вакханалия”ны эстетет – фракия – фригийлердин аракеч “кудай”ы Вакханын урматына кылынган майрам адатта ысырапгерчилик, сойкулук жана түрдүү бузукулуктарга айланып кетчү. Жадагалса, б.з.ч. 186-жылы Рим сенаты чегинен ашкан оюн-зооктордон келип чыгып жаткан бейбаштыктарды жана сойкулуктарды тыюуга мажбур болгон. Сенат жети миңге жакын диний ишрат (оргия) оюн-зоогунун катышуучуларын мекемеге тарткан жана алардын дээрлик жарымын өлүм менен жазалаган.

Бүгүнкү реалдуулук

Канчалык аянычтуу болбосун, биз каалайбызбы же жокбу, мына миң жылдар өттү, биз алиге чейин мажусийлердин эч бир кыйматка ээ болбогон адам-“кудай”ы делинген Митранын туулган күнүн белгилеп жүрөбүз. Перзенттерибиздин дилине жарым уламыштуу кереметкөй Николайга (Санта-Клаус) керексиз сүйүүнү жабыштыруудабыз. Алар болсо, ага өз каалоолору, эңсөөлөрү, кыялдануулары жана суранычтары менен кайрылышууда. Жалпылай аракеч “кудай”ы Вакха урматына оюн-зоок кылып жатабыз. Арчалардын айланасында болсо диний-жөрөлгө мазмуунундагы бийлер жана түнкү жүрүштөр кылуу үчүн чоң токой майдандарын чөлгө айлантыруудабыз, балким алиге чейин 300 жыл мурда өтүп кеткен падышанын буйругуна амал кылып жаткандырбыз, балким ички-сезимдерибиз жамандык жана кара-мүртөздүктөн “арчалар” аркылуу жардам сурап жаткандыр?! Эгер Иса а.с. анын туулган күнүнө жаңы жыл кылып, оюн-зоок кылыштарды көргөндө катуу кайгырган болот эле. “…Мен алардын арасында болгон кезимде, аларга көзөмөлчү болдум. Сен мени алып (чыгып) кеткениңде, аларга Өзүң Көзөмөлчү болуп калдың. Сен бардык нерсеге Күбө болуучусуң2 (“Маида” сүрөсү, 117-аят).

Ар кандай майрам өзүнүн өзгөчөлүгүнө көрө адамдар үчүн моралдык жактан көмөк берүүсү, эч болбоду дегенде коомчулуктун жакыр катмарына каржылай пайда келтирүүсү керек го. Жаңы жылды майрам кылуу, жалпылай ичкиликке берилип кетүүсү болсо адамдарга көбөрөөк рухий жараат жеткирет ошондой эле булардын табигый уландысы болсо көптөгөн оорууларга дуушар болуу, бактысыз окуялар жана өлүм менен бүтүү. Жасалма кубануунун баасы өтө жогорулап кетип жаткан жокбу? Мекендештерибиз майрам алдынан тамак-аш жана башка нерселердин баасын асманга көтөрүп жиберүүлөрүн эске алынса, өтө чоң финансылык зыяндар жөнүндө айтпасак да болот. Мындай рухий жарааттар жана чоң ысыраптар кимге керек? Бул курмандыктар кимге керек? Балким булар кимгедир аталган курмандыктар чыгаар? Булардын баары арак-шарап жана жашылданып турчу арчаны сатуучулардын чөнтөгүн кандыруу үчүн ганабы?! Ыктымал, Митра майрамын белгилөөдө жалгыз ушулар гана сезилээрлик даражада пайда көрүп жаткандыр?!

Көбүнчө, биз “бул нерселер бизге керекби?” деп ойлоп да койбой бир ишке киришебиз. Биз МУНУ  кылабыз,  анткени МУНУ баары кылат, анткени адамдар (өтмүшдө “кудай”лар) түшүнбөстүгү мүмкүн, анткени качан гана… Өз амалдарыбызды акыл таразасына салбай, башкалар үчүн өмүрүбүздү бекерге өткөрүп атабыз, биз болгону “баары ушундай кылып жатат го” деген калыптын негизинде жашап жатабыз.

Тез арада баарыбыз өлөбүз, албетте мындай абалда кылынуусу керек болгон бардык жөрөлгөлөр кылынат, алардын маанилери бизге түшүнүксүз болсо да. Бирок муну баары кылат го. Мен кимге керек элем? Неге мен жашадым? Неге мен дүйнөгө келдим жана кайсы жакка барам? Бул суроолор канчалык оор туюлбасын, бирок көпчүлүк адамдар үчүн “анткени баары ушундай жашап өткөн” деген жансыз жана маанисиз сүйлөмдөр көпчүлүк адамдарга мына ушул суроого жооп болуп кызмат кылуусу мүмкүн.

 

Даярдаган:  Абибилла ажы Кадырбердиев