Муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр ажы Токтогазы уулу Стамбулда өткөн Евразия фатва мажлисинин III отурумуна катышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын фатва, халал иштери жана диний  адабияттар бөлүмүнүн кызматкери Бактияр ажы Токтогазы уулу 21-22- декабрь күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында өткөн Евразия фатва мажлисинин III отурумуна катышты. Отурум алкагында соодага байланыштуу «Форекс», «биткоин» тармактык маркетинг маселелер каралган.

Евразия фатва мажлисинин 3-отурумун Түркия мамлекетинин Дин иштери боюнча башкармалыгынын башчысы доктор Али Эрбаш ачып,  жалпы катышуучуларга ыраазычылык жана бул жааттагы иштерде активдүү болуу менен дайыма карым катнашты бекемдеп туруу керектигин билдирди.

Ал эми отурумдун жүрүшүндө фатва маселесине тиешелүү болгон адал-арам маселелери жана фава берүүнүн коомдогу орду талкууланып, ар бир мамлекеттин өкүлү өздөрүнүн сунуштарын айтышты.