Баткен казыяты жыл жыйынтыгын чыгарды

Баткен облустук мусулмандар казыятынын жыйындар залында райондун  жана шаардын баш имам хатибдеринин жана медресе мүдүрлөрүнүн  отчеттук жыйыны өтүп, 1 жыл алкагында аткарылган иштер, мечиттердин каттоолору, түшүндүрүү иштери, битир-садаканын максаттуу жумшалышы, диний кырдаал боюнча маалымат беришти.

Отчеттук жыйынга Баткен облуснун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратов, казынын орун басары Нурдин ажы Мамасабиров,  ДИМКтин Баткен облусундагы өкүлү Кубаныч Касымов жана  казыяттын өздүк курамы катышты. Шаар, райондордун баш имам хатибдеринин маалымат отчетуна ылайык 2018-жылы дин жаатында  жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик концепциянын алкагында жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз иш алып барылып, Ханафий мазхабынын негизинде бир катар түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле битир-садаканын эсебинен бир канча кайрымдуулук көрсөтүлгөн.

Жыйындын алкагында облус казысы  ар бир иште жоопкерчиликтүү болуу керектигин айтып, райондун, шаардын баш имам хатибдеринин аткарган жакшы иштерине ыраазычылык билдирип, жетишпеген кемчиликтерди жоюга жана 2019-жылдын башталышынан тартып өзгөчө көңүл буруу менен  басым жасоого чакырды,-деди казыяттын маалымат катчысы Фуркат Авлиеев.

Муну менен катар район, шаардын хатибдери  2018- жыл аралыгында пландалуучу  иштерге токтолуу менен өздөрүнүн сунуш-пикирлерин дагы айтышты. Ошондой эле “Аймактарды өнүктүрүү” жылынында  аткарылган иштеринде мыктылыгы менен өзгөчөлөнгөн  дин кызматкерлери  Баткен облусунун казысынын ардак грамотасы менен сыйланды