Ысык-Көл районундагы мыкты иш алып барган имамдар сыйланат

Ысык-Көл районунун имамдарына кезектеги жыйын өтүп, анда аймактагы дин кызматкерлер Аненьево айылындагы борбордук мечитке чогулушту. Жыйын алкагында райондун  баш имам хатиби Максат Сейталиев  дааваттын жобого ылайык жүргүзүлүүсү, мечиттердин каттоосу, кайрымдуулук иштердин аткарылышы, коомчулук арасында түшүндүрүү иштеринин жүрүүсү боюнча маалыматтарын укту.

Быйылкы жылы мыкты иш алып барган имамдарыбызды сыйлыктар күтөт. Адамга ыракмат айталбаган Аллахка ыракмат айталбайт-дейт. Андыктан эмгекти дагы баалаганды билишибиз керек,-деди баш имам хатиб.