Жалал-Абад казыяты жыл жыйынтыгын чыгарды

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын жыйындар залында район, шаардын баш имам хатибдеринин аткарган бир жылдык иш чараларынын жыйынтыгын чыгаруу отчеттук жыйын өтүп, ага казыят кызматкерлери жана баш имам хатибдер катышты.

Күн тартибинде  район, шаардын баш имам хатибдери 1 жылдык отчетун слайд-шоу аркылуу тапшырышып, презентация жасашты. Муну менен катар үстүбүздөгү жылдын 4-кварталы боюнча фото отчетун беришти. Мындан тышкары “Аймактарды өнүктүрүү жылында имамдын ролу” аттуу тематика боюнча Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл округунун баш имамы   Байзаков Нуржан Кыпчакбаевич аткарган иштерин айтып, өзүнүн иш тажрыйбасы менен бөлүштү. Жыйындын жүрүшүндө казыят кызматкерлери өздөрүнүн сунуштарын, сын-пикирлерин билдиришти.

Ал эми облус казысы Абдулазиз кары Закиров отчет берген имамдарга ыраазычылык билдирип, баш имам хатибдерди жоопкерчиликтүү болууга, жума баяндарды таасирдүү, маанилүү айтууга жана убакытты так сактоого, ошондой эле мечиттердин тазалыгына көңүл бурууга, 2019-жылы жигердүү кызмат кылууга чакырды. Отчеттук жыйындын соңунда аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында элет жеринде элге, калкка кызмат көрсөтүүдө зор салымын кошуп, айылдын социалдык муктаждыктарын көтөрүүдө өзүнүнүн активдүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагынын баш имамы Байзаков  Нуржан  Кыпчакбаевич Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын алкыш баракчасы менен сыйланды. Ал эми  баш имам хатибдердин бир жылдык отчету “канаттандыраарлык” деп бааланды.