Кочкор районунун баш имам хатиби РИИБ кызматкерлери менен биргеликте аймактагы мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Нарын облусунун Кочкор районунун баш имам хатиби Жеңишбек Арзымкожоев райондогу  А. Абдыкеримов, А.Жалпатеков, Ш., У.Малтабаров атындагы орто мектептердин окуучулары жана ата-энелери менен жолугушуу өткөрдү. Иш чарага РИИБ кызматкерлери катышып, анын алкагында кылмыштуулуктун алдын алуу тууралуу сабактарын балдар менен бөлүшсө, Кочкор районунун баш имам хатиби ыйман, адеп-ахлак тууралуу лекцияларды окуду.

Билим алуу  менен бирге эле адеп-ахлакты кошо үйрөнүү керек. Билим кесип тандоодо керек болсо, адеп-ахлак өмүр бою коом менен тынчтыкта жашоого шарт түзөт, — деди баш имам хатиб.