Түп районунун баш имам хатиби Сары-Дөбө айылындагы мектеп окуучуларын интернетти туура пайдаланууга чакырды

Ысык-Көл облусунун Түп районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкиев Сары-Дөбө айылындагы мектеп окуучулары менен жолугушту. Аталаган жолугушуу мектеп жетекчилиги менен макулдашуунун негизинде уюштурулуп, анын алкагында баш имам хатиб аракечтик жана зына, убакытты туура пайдалануу, билимге умтулуу боюнча баяндама жасап берди.

Мектеп окуучуларына уюштурулган иш чарабыздын негизги максаты балдарды ыймандуу, адептүүлүккө үндөө болуп саналат. Биз келечек муундарды билимдүү болууга чакырып, китеп окуганга кызыктырышыбыз керек. Анкени балдар канчалык китептен билим алса, ошончолук изденүүгө аракет кыла баштайт,-деди баш имам хатиб.

Муну менен катар баш имам хатиб окуучуларды интернетти туура пайдаланууга жана андан пайдалуу гана маалыматтарды алууга чакырып, кандай гана диний жааттагы суроо жаралбасын расмий имамдардан жооп алууга чакырды.