Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев САПтын ажылык министрлигинин алдындагы бирдиктүү электрондук системасынын координатору Фарид Таха Мандер менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Эргешов Зайырбек Жолчуевич, КР Жарандык авиациясынын өкүлү, КМДБнын башкы эсепчиси Жеңиш ажы Бекиев жана КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев Сауд Арабия Падышачылыгынын ажылык министрлигинин кеңешчиси жана  (Масар электроник) бирдиктүү электрондук системасынын координатору Фарид Таха Мандер менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында САПтын ажылык министрлигинин алдындагы бирдиктүү электрондук система жана андагы өзгөчөлүктөр, ажылык ишиндеги жаңылануулар боюнча пикир алышты.

Бул дүйнөлүк электрондук ситема, ажылардын документтерин онлайн киргизүү жана онлайн түрүндө ажыларга кызмат кылуу. Масар электроник аркылуу ажылыктын төлөмдөрү, Мекке жана Медина шаарларындагы мейманканалардын алынышы, учактын камсыздалышы, автобустардын тейлөөлөрү боюнча келишимдер, тамак-аштардын даярдалуусу сыяктуу бардык уюштуруу иштери ушул бирдиктүү электрондук система аркылуу жүргүзүлөт,-деди КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев.