Азирети Муфтий: Сауд Арабиянын ажылык министри доктор Мохаммад Салех бен Тахер Бентен Кыргызстандын ажылыкты уюштуруу ишин «эң жакшы» деп баалады

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Сауд Арабиянын ажылык жана умра министри  доктор Мохаммад Салех бен Тахер Бентен менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуу алкагында САПтын ажылык жана умра министри Кыргызстандын ажылыкты уюштуруудагы ишин өзгөчө баалап, электрондук системанын бир жолго коюлгандыгы үчүн Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевге ыраазычылык билдирди.

2018-жылдагы ажылыкты уюштуруу жана Кыргызстандын ажылык тармагындагы иштерди  электрондук системага өткөрүп, ажылардын коопсуздугунан тарта учак, жатакана, тамак-аш, транспорт менен камсыз кылуу  жана САПтын мыйзамдарын сактоодо Сауд Арабиянын ажылык жана умра министри  доктор Мохаммад Салех бен Тахер Бентен өзүнүн абдан жакшы ыраазычылык сөзүн айтып, бул жетишкендикти өзгөчө баалады. Бул биздин элибиздин жетишкендиги жана мамлекетибиздин сыймыгы,-деди Азирети Муфтий.

Муну менен катар эки тараптуу жолугушуунун алкагында САПтын ажылык министри жылдан жылга ажылык тармагындагы тейлөөлөр жакшырып жаткандыгын айтып, бул ар бир ажынын ырахаты жана ажылык ибадатынын толук жакшы шартта аткарылышына өбөлгө түзүү максатында экендигин баса белгиледи.