Кыргызстандык ажыларды Мекке шаарынын аймагында заманбап автобустар тейлейт. Бүгүн, 20-декабрда эки тараптуу келишимге кол коюлду

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Сауд Араб Падышачылыгына болгон иш сапарынын алкагында САПтын ажылык министрлигинин алдындагы жолдор башкармалыгынын директору Абдур Рахман Аль Харби менен жолугушуп, 2018-жылдагы ажылыктагы кызмат көрсөтүүлөрдү талкуулашты. Эки тараптуу жолугушуу алкагында  ажылык учурунда  ыйык Мекке шаарынын аймагында автобустар менен кызмат көрсөтүү, Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүнө заманбап унаалар менен кыргызстандык ажыларды ташуу жана аларды өз учурунан кечиктербей жеткирүү, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жаатында пикир алышып, 2019-жылдагы ажылыкта кызмат көрсөтүү боюнча эки тараптуу келишимге кол коюшту.

Эки тараптуу жолугушуу  алкагында биз ажыларыбыздын коопсуздук маселесин биринчи орунга койдук. Себеби ажылык учурунда миллиондогон жарандар келишип, ажылык амалдарын аткарышат. Ошондуктан биз быйыл дагы заманбап автобустар менен Мекке шаарынын ичинде кызмат көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, келишимдерге кол коюлду,-деди КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев.

Муну менен катар тараптар сүйлөшүү учурунда 2018-жылдагы ажылыктагы кызмат көрсөтүүлөрдү абдан жакшы деп баалашып, тараптар бири-бирине ыраазычылык сөздөрүн айтышты.

Эскерте кетсек, кечээ 19-декабрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Эргешов Зайырбек Жолчуевич, КР Жарандык авиация агенттигинин өкүлү, КМДБнын башкы эсепчиси Жеңиш ажы Бекиев жана КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев менен биргеликте Сауд Араб Падышачылыгын ажылык министрлигинин чакыруусу менен ыйык Мекке шаарына жөнөп кетишкен.