Кыямат Кайымдын белгилери

Динибизде Кыямат деп – биз жашап жаткан дүйнөнүн эң акыркы күнү бүтүп акыреттин башталышын айтабыз. Дүйнө күндөрү бүтүп, асман менен жерлердин баары кыйроого учураган Кыяматтын келүүсүн бир гана Жаратуучу Аллах Өзү билет. Анын болуусун Аллахка эң жакын болгон инсан Пайгамбарыбыз (с.а.в) да, периштелердин эң улугу болгон Жабраил (а.с) да билген эмес. Болгону Кыяматка жакын боло турган бир нече белгилерди гана айтып кеткен. Ошол айтылган хадистердин негизинде гана биз кыяматтын болоору жакын экенин айта алабыз. Бирок, качан кайсыл убакта болушун эч ким так айта албайт. Эми кыяматтын белгилери туурасында айта турган болсок, ислам аалымдары кыяматтыр белгилерин экиге бөлүп айтышкан:

1) Кыяматтын чоң белгилери,

2) Кыяматтын кичине белгилери

 

Кыяматтын чоң белгилери

  • Хазирети Махди келет.

Хадиси шарифте мындай деп айтылган:

«Кыямат Кайым болоордон мурда Аллах Таала менин балдарымдан ысымы менин ысымым, атасынын ысымы менин атамдын ысымындай боло турган бир кулун жаратат. Андан мурда дүйнөнү зулумдук каптайт, анын заманасында дүйнө адилеттүүлүкө толот» (Тирмизи)

(Махдинин төбөсүндө бир булут калкып жүрөт. Булуттан бир периште: «Бул Махди,анын сөзүнө кулак салгыла!» — дейт». (Абу Нуайм)

 

  • Дажжал чыгат.

Хадиси Шарифте мындай деп келет:

«Дажжал чыгып өзүн теңир экендигин айтат. Анын теңир экендигине ишенген адам каапыр болот». (Ибн Аби Шайба)

 

  • Хазирети Иса (а.с) көктөн түшөт.

Куран Карим аяты:

وَقَوْلِهِمْ إنَّا قَتَلْنَا الْمَسِيحَ عِيسى ابْنَ مَرْيَمَ رَسُولَ اللهِ وَ مَا قَتَلُوهُ وَ مَا صَلَبُوهُ وَ لَكِنْ شُبِّهَ لَكُم

«Аллахтын расулу Марям уулу Исаны өлтүрдүк» дегендери үчүн яхудилерге каргыш (лаанат) кылдык. Алар аны өлтүргөн да жок аскан да жок. Өлтүрүлгөн адам алардын көзүнө Иса болуп көрсөтүлдү» (Ниса 157)

بَلْ رَفَعَهُ اللهُ إِلَيْهِ

«Хазирети Иса көккө көтөрүлгөн» (Ниса 158)

وَ إِنَّهُ لَعِلْمٌ لِلسَّاعَةِ فَلَا تَمْتَرُنَّ بِهَا وَ اتَّبِعُونِ

«Албетте ал (Хазирети Исанын кыяматка жакын көктөн түшүүсү) кыяматтын жакындаганын көрсөтө турган белги. Буга күмөндөнүүдөн сактанып мага эргешкиле.!» (Зухруф 61)

Хадис шарифтерде да мындай деп келет:

«Иса адилеттуу – өкүмдар болуп көктөн түшөт. Крестти (христиандыкты жойот, доңузду өлтүрөт (доңуз жешке тыюу салат), Ислам дининен башка нерсеге тыюу салат». (Бухари, Муслим, Абу Давуд, Тирмизи, Ибни Аби Шайба)

«Иса көктөн түшкөндө жерде тынчтык менен ынтымак орноп, арстан мене төө, карышкыр менен козу ээн эркин жайылып балдар жыландар менен ойной турган болот». (Абу Давуд).

«Он белгиси чыкпай туруп кыямат болбойт. Анын бири Исанын көктөн түшүүсү». (Муслим, Абу Давуд, Тирмизи, Ибн Маажа, Насаи, Ибн Ахмад, Табарони, Ибн Хаббан, Ибни Жарир).

  • Даббатул Арзд чыгат.

Бул тууралы Хадиси Шарифте мындай кабар берилген:

«Даббатул арзд Муса (а.с.)дын аса таягын мусулмандарга тийгизгенде алардын маңдайында «Жаннаттык» — деп жазылып жүздөрү нурданат. Ал эми каапырларды Сулайман (а.с.)дын мөөрү менен соккондо алардын маңдайларында «Жаханнамдык» — деп жазылып жүздөрү карайып кетет».

Бул жаныбар тууралуу Куран Каримде да кабар берилген:

وَ إِ وَقَعَ الْقَوْلُ عَلَيْهِمْ أَخْرَجْنَا لَهُمْ دَابَّةً مِنَ الْأَرْضِ تُكَلِّمُهُمْ أنَّ النَّاسَ كَانُوا بِئَايَاتِنَا لا يُوقِنُونَ

«Биз аларга жазалай турган мезгил жеткенде жер алдынан бир жаныбар чыгарабыз, ал аларга Биздин аяттарыбызга ишенбеген адамдар жөнүндө айтып берет» (Намл – 82.)

  • Йажуж жана Мажуж коому чыгат.

Курани – Каримде мындай деп келет:

حَتَّى إِذَا قُتِحَتْ يَأْجُوجُ وَ مَأْجُوجُ وَ هُمْ مِنْ كُلِّ حَدَبٍ يَّنْسِلٌون

«Йажуж менен Мажуждун дубалы кулап, алар ар бир дөбөдөн агылып келет». (Анбия – 96.)

Хадиси Шарифте да мындайча билдирилген:

«Йажуж менен Мажуж коому кыяматтын алгачкы белгилеринен болот». (Ибн Жарир).

  • Дүйнөнү түтүн каптайп.

Куран – Каримде:

قَرْتَقِبْ يَوْمَ تَأْتِى السَّمَاءُ بِدُخَانٍ مُّبِنٍ

«Асмандан түтүн чыга турган күндү күткүлө!» — делинген. (Духон – 10).

Хадиси Шарифте:

«Түтүндүн таасири мусулмандарга тумоо сыяктуу жеңил, ал эми каапырларга өтө оор тийет». (Абу Давуд)

  • Күн батыштан чыгат.

Куран – Каримде мындай деп айтылат:

يَوْمَ يَأْتِى بَعْضُ ءَايَتِ رَبِّكَ لا يَنْفَعُ نَفْسًا إيمَانُهُ لَمْ تَكُنْ ءَامَنَتْ مِنْ قَبْلُ أَوْ كَسَبَتْ فِى إِيمَانِهَا خَيْرًا

«Роббиңдин кээ бир аяттары (белгилери) келген күнү мурунтан ыйман келтирбеген же ишенимде бир жакшылык сурабаган адамдын ыйманы ал күнү пайда бербейт». (Анъам – 158).

Ааалымдар бул аяттагы белгилердин бири күндүн батыштан чыгуусу деп билдиришкен.

Хадиси Шарифте мындай деп айтылат:

«Күн батыштан чыкмайынча кыямат болбойт. Ал кезде бардык адамдар ыйман келтирет бирок ыймандары өздөрүнө пайда бербейт». (Бухари, Муслим).

  • От чыгат.

Хадиси Шарифте:

«Хижаздан чыккан от Басрадагы төөлөрдүн моюндарын жаркыратат».

  • Жерлер чөгөт.

Хадиси Шарифте мындай деп келет:

«Чыгыш менен Батышта жана Жазиратул – арабда жердин чөгүүсү, батуусу көрүлөт». (Муслим, Абу Давуд, Тирмизи, Ибну Маажа).

  • Кааба кулатылат.

Хадиси Шарифте мындай:

«Кара тукумдуу адам Каабаны кулатат. Дал азыр анын кара колдору менен Каабанын таштарын бирден – бирден бузуп жатканын көрүп турамын». (Бухари, Муслим).

 

Кыяматтын кичине белгилери

 

Кичине белгилер өтө эле көп. Мисал катары Калыгул олуянын:

«Тоо токол болоор, кул бий болоор», «Акыр заман кишиси, кичине болоор мүчөсү».

Буйлаш уулу: «Акыр заман болгондо, журтта ургаачы көбөйүп, Бой (эркек) азаят» — дечү эле».

Молдо Кылычтын: «Орозо кармабай, намаз окубай, тил кыскарган бир заман» – деген бейттери хадистерде келген маалыматтарга үндөшүп турат.

Бул өз кезегинде жогорудагы ата – бабаларыбыздын Ислам таалимдери боюнча илимдүү, кеменгер, чыныгы мусулман болгондугунан кабар берет. Ал эле эмес бул маалыматтарды Адам Ата баш болгон Пайгамбар-азиздерден (урматтуулардан) алгандыгын ачык айтып турат. Андан башка да:

Балдардын ата – энеге кайрымсыз болуусу.

Соода – сатыктын көбөйүүсү.

Илимсиздиктин жайылуусу.

Тааныштарга гана салам берип, тааныш эместерге унчукпай коюу.

Аманатка кыянат кылуунун күнөө деп эсептелбей калуусу.

Жылаңач, жарым жылаңач аялдардын пайда болуусу.

Кой артынан жүргөн жылаңаяк – жылаңач, жармачтардын бийик үй салууда жарышуусу.

Базарларды кээ бир соодагерлердин монополияга айлантып алуусу.

Жалган күбөлүк берүү.

Акыйкат күбөлүктү жашыруу.

Сараңдыктын жайылуусу.

Тууган – уруктан мамиленин үзүлүүсү.

Жаман кошуналардын көбөйүүсү.

Уятсыздыктын жайылуусу.

аманатка бекем адамды кыянатчыЛ деп айыптоо.

Кыянатчылды аманатка бекем деп мактоо.

Мал – мүлктүн кайдан келгенине, адал – арамдыгына маани бербестик.

Кудайдан башканын ыраазылыгы үчүн илим алуу.

Үй – бүлөдө аялдын кожоюн болуп калуусу.

Энеге кайрымсыз болу.

Мечиттерде кыйкырып сүйлөө.

Фаасык, дини тайыз адамдардын жамааттарга башчылык кылуусу.

Элдин башына эң начарлардын башчылык кылуусу.

Пенденин жамандыгы тийбесин деп, андан корккон себептен урматтоо.

Жибекти эркектердин адал деп кийип алуусу.

Арактын кадимкидей ичилип калуусу.

Музыканын бардык түрүнун жайылуусу.

Эртең менен мусулман болгондордун, кечинде мусулман эмес болуп күн батыруусу.

Байлыкты тил менен гана таап калуу.

Убакыттан берекенин кетүүсү.

Базарлардын бири – бирине жакын болуп калуусу.

Жалгандын көбөйүүсү.

Жер титирөөлөрдүн көбөйүүсү.

Семиз, толуктардын көбөйүүсү.

Аялдарды ойноштук менен айыптоонун көбөйүүсү.

Мындан башка да болуп өткөн, азыркы учурда болуп жаткан белгилери өтө көп. Жогоруда жазылгандардын да бир азы эле боло элек. Көбү болуп өткөн, же азыркы учурда болуп жатат. Канча убакыт калганын бир Аллаз Өзү билет. Ошондуктан, колдон келишинче чыныгы жашоого кам көрөлү.

Даярдаган: Чүй облусунун мусулмандар казыяты.