2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын алгачкы жыйыны өттү

2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын алгачкы жыйыны өтүп, анын алкагында УРШ мүчөлөрү келээрки жылдагы ажылыктагы конкурстарды жарыялоо мөөнөттөрүн бекитти. Муну менен катар УРШнын жаңы курамы тааныштырылып, ага КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан, улуттук коопсуздук комитетинен, чек ара, КР таранспорт жана саламаттык сактоо министрлигинен, ИИМ, Аалымдар Кеңешинен, борбордук текшерүү комиссиясынан, ошондой эле Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын бөлүм башчылары киргендиги маалымдалды.

2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын алгачкы жыйынында КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев 20-декабрдагы Сауд Арабия Падышачылыгынын ажылык министрлиги менен болгон жолугушууда Кыргызстандын ажылыкты уюштуруу ишине «эң жакшы» деген баа берилгендигин айтып, 2018-жылдагы УРШ мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирди.

Ажылык тармагындагы иштер электрондук системага өтүп, бардыгы ачык-айкын болууда. Муну менен катар ажылыктагы шарттар жылдан жылга жакшырууда,-деди Жолдошбек ажы Абдылдаев.