Жалал-Абад облусунун казысы ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын ыраазычылык баракчасы менен сыйланды

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закиров Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын ыраазычылык баракчасы менен сыйланды.

Куттуктоо толугу менен берилет.

Урматтуу Абдулазиз Назирбекович,

            2018-жыл ичинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин                Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы Жалал-Абад облусунун казыяты менен бирдикте облус аймагындагы жума мечиттериндеги жума намаздары учурунда калкка өрт кырсыктарынан, өзгөчө кырдаалдардан жана башка түрдүү кырсыктардан сактоо, алдын алуу боюнча түшүндүрүү  иштерин жүргүзүп келди. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү облус казыяты, район-шаардын баш имам имам-хатибдери, жума мечиттердин имамдары колдоого алып, уюштуруу иштерине жардам көрсөтүп, чоң салым кошушту.

Жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштери аз да болсо, өз таасирин тийгизип, көптөгөн жарандардын өмүрлөрүн сактап калды деген үмүттөбүз.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы Сизге жана облустук казыяттын жамаатына, район- шаардын           баш                    имам-хатибдерине, жалпы эле облус аймагындагы мечит имамдарына кырсыктарды алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштерине кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник А.Исаевич

Эске салсак, өрт коопсуздугун алдын алуу иш аракеттерин уюштуруу максатында КМДБнын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин 19.07.2018-ж. №337 буйругу чыккан болчу.