Ош облусундагы 33 айылда “Адептүүлүккө карай” аттуу китеп окуу сынагы жарыяланды

Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаевдин буйругу менен Ош облусунун аймагындагы 33 айылда китеп окуу сынагы старт алды. Аталган иш чара Ош облустук казыяты жана “Ислам Жигиттери” коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, сынактын негизги максаты айыл жергесиндеги жаштардын Пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ)ды жакындан таанып,  Исламдын баалуулуктарын үйрөнүү аркылуу  диний сабаттуулугун жогорулатуу болуп эсептелет. Иш чараны уюштурууга жооптуу өкүл Мустафа ажы Абдиевдин айтымында сынак “Ислам негиздери” жана “Пайгамбарың ким?” аттуу эки китепти окуунун негизинде жүргүзүлүп, жаштарга Пайгамбарыбыздын (САВ) өмүр баяны, Куранды тажвид эрежелери менен окуу, фикх илимдеринин ибаадатка тиешелүү башталгыч сабактары окутулат. Сынакка катышуучулардын жашы чектелбейт.  Ошондой эле үч айлык окуудан соң атайын комиссиянын экзамени аркылуу жеңүүчүлөр аныкталып, аларга велосипед, үй-тиричилик техникалары жана түрдүү кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылмакчы.

Эскерте кетсек, жогоруда аталган сынак буга чейин да жыл сайын жергиликтүү ишкерлердин демөөрчүлүгүндө өткөрүлүп келген.