Жылмайуу — садака

Башыңа кайгы келип, жан дүйнөң тарып турган учурда адамдарга арызданба. Балким алакан жайып, Жараткан Аллага минтип дуа кыл: «О, Раббим! Мага бир балээ келди, а Сен боорукерлердин боорукерисиң!».
Эгер бактылуу жашагың келсе, жашооңду адамдарга эмес максаттарга байла.
Дайыма жүзүңдө жылмайуу болсун, анткени биз бул жашоодо эң бактылуу адамдарданбыз. Жылмайууңдун өзү сага сооп алып келет. Жылмайуу — садака.
Азирети Лукмандан: Даанышмандуулукту кимден үйрөндүңүз?-деп сураганда: Лукман: «Илимсиз наадан адамдардан үйрөндүм, алардын кемчиликтерин көргөн сайын ошол кемчиликтерден алыс болууга аракет кылдым» — деп жооп берди.