КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Томск шаарында өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов Томск шаарында өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

Эл аралык илимий-практикалык конференция  «Салттуу руханий Ислам дининин баалуулуктары,  улуттар аралык ынтымак, адилеттүүлүк жана өнүгүүнүн шарты. Жетишкендиктер, көйгөйлөр, келечек» аталышында өтүп, КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы «Жаштарды тарбиялоодо диний билим берүүнүн ролу жана экстремизмдин алдын алуу» темасында докладын окуду.

«Бул эл аралык конференцияга катышкан дин аалымдары Ислам дининин баалуулуктарын айтышып, жаштарды туура жолго баштоо учурдун талабы экендигин айтышты. Себеби жаштар мамлекеттин эртеңки келечеги эмеспи»,-деди Акимжан ажы Эргешов.

Томск шаарында өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга КРнын Томск шаарындагы консулу Рустам Абдубаитович дагы катышты.