Москва шаарындагы Крокус Сити Хол залында сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (САВ) урматына катара Мавлид кечеси өтүп, ага дин аалымдары катышты (ФОТО)

Москва шаарындагы Крокус Сити Хол залында сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (САВ) урматына катара Мавлид кечеси өттүө. Саамалыкка Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев, КР Орусия Федерациясындагы элчиси Аликбек Жекшенкулов, Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Чубак ажы Жалилов, Марс ажы Ибраев, КМДБнын Жалал-Абад облусундагы казысы Абулазиз каары Закиров жана дин аалымы Садыбакас ажы Доолов менен Казакстандын дин аалымы Абдугапар ажы Сманов катышты.

Мавлид кечесинин алкагында дин аалымдары баяндама жасашып, сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (САВ) өмүр жолунан, үммөт үчүн жасаган баа жеткис эмгектерин айтышууда.

«Бул жолку Мавлид кечеси «Үй-бүлө бекем, эл бекем» темасынын алкагында өтүп, ага Орусия Федерациясынын аймагында эмгектенген кыргызстандык мекендештерибиз катышышты. Саамалык алкагында Азирети Муфтий мекендештерибизди ынтымакка, үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоого жана кайрымдуу болууга үндөдү»,-деди жеринде КМДБнын маалымат бөлүмүнүн кызматкери Марат Кадыкеев.

Мавлид кечеси суроо-жооп менен коштолуп, сахналаштырылган чыгармалар коюлду.