Лейлек хатибияты эки бөйрөгүнөн жабыркаган эки мекендешибизге 40 миң сом акчалай жардам көрсөттү

Лейлек районунун баш имам хатиби Абдиравшан ажы Дүйшөевдин  демилгеси менен Лейлек райондук хатибияты эки бөйрөгүнөн ооруган Нурсултан  Жуматаев  жана Каныбек Халетовко 20 000 сомдон жалпы 40 000 сом   акчалай жардам көрсөттү. Жардам Лейлек районнун баш имам хатиби, Лейлек  районунун акими Бекмуратов Баймурат Асатовичтин катышуусунда ооруп жаткан мекендештерибиздин бир туугандарына  тапшырылып, ден-соолук тилеп,  бата кылынды.

Эске салсак, аталган  жардам райондун  мечит имамдарынын көмөгү менен  чогулган.