Ош шаарынын мусулмандар казысы мекен сакчылары менен жолугушту

Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев шаардагы №20-52 аскердик бөлүгүндөгү жоокерлер менен жолугушуп, экстремизм, терроризмдин алдын алуу боюнча лекциясын окуп берди. Жолугушууга аскердик бөлкүтүн полковниги Ирисов Талант жана майор Жуманов Элдияр катышып, өз ойлорун ортого салышты.

Эскерте кетсек, иш чара №20-52 аскердик бөлүгүнүн жетекчилиги тарабынан уюштурулган.